Би-Би-Синин башкы продюсери Гүлнара Касмамбетова жаш журналисттер үчүн лекция өттү

11026307_938093759564467_8355797882192228298_n“Журналисттер” коомдук бирикмеси жана “Жаш журналисттер” кыймылы тарабынан уюшулган “Устат-шакирт” долбоорунун алкагында  журналисттердин чеберчилигин арттырууга багытталган 14-марттагы мастер-класста Би-Би-Синин башкы продюсери Гүлнара Касмамбетова болду. Ал Би-би-си дүйнөлүк кызматындагы тажрыйбалары, эл аралык журналистика жана журналисттин коомдогу орду тууралуу ой бөлүшүп, жаш журналисттердин берген суроолоруна жооп берди.

Белгилей кетсек, мастер-класстар “Кабар” маалымат агенттигинин пресс-залында өткөрүлүп турат. Бул ирет 60ка жакын Кыргызстандагы ар түрдүү ЖМКлардан келген журналисттер катышты.

Жаш журналисттер лекторго журналисттик этика, согуш болгон жерлерде журналист өзүн кантип алып жүрүшү керектиги, суроолорду берүүдөгү өзгөчөлүктөр, маалыматты чагылдырууда эске ала турган принциптер тууралуу жана башка ар түрдүү суроолорду берип, Гулнара Касмамбетовадан канааттандыраарлык жооп ала алышты.

 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *