Устат-шакирт сабак-таалим системасынын апрель-май-июнь айларындагы сессияга устаттарды тандоо башталды. Учурда кыргыз журналистикасынын деңгээлин көтөрүү максатында “Устат-Шакирт” долбоору иштеп жатат. 7 устат 7 шакирт менен иштешип, тажрыйбалары менен бөлүшөт. Устат жаш журналистке жол көрсөтүп, чыныгы кесипкөй адис болуп чыгуусуна себепчи болот. Ошондуктан биз мыкты агай-эжейлерди сиздердин добушунуздар менен аныктайбыз. Добушка активдүү катышып берүүңүздөрдү суранабыз. Бул жактан комментарий аркылуу өз пикириңиздерди жазууңарды суранабыз. Добуш берүү жана устаттарды тандоо адилеттүү жүргүзүлөт. Ар бир добуш маанилүү.