“Нукура Кыргыз Журналистикасы” мектеби ишин баштады

“Нукура Кыргыз Журналистикасы” (НКЖ) мектебинде сабактар өтүлө баштады. Анда учурда 23 киши билим алып жатат. Жалпысынан, НКЖ мектебине кызыккандардан 41 резюме келип түшкөн болчу.

НКЖ мектебинин окутуу программасы “Журналисттик билим” жана “Журналистикадан сырткары жалпы билим” болуп экиге бөлүнгөнүн буга чейин жарыялаганбыз. Учурда, ушул багыт менен сабактар жумасына үч жолу: шейшемби, бейшемби, ишемби күндөрү өтүлүүдө (окутуунун программасы менен бул жерден тааныша аласыздар).

Окутуу мөөнөтү ушул жылдын май айынын аягына чейин созулуп, андан соң практикалык иштердин үч айлык мөөнөтү башталат.

Биринчи жолугушуудан көз ирмемдер:

Мектепке тандалгандар.

 

Долбоордун өкүлдөрү Салтанат Кыдырмаева менен Айбек Байымбетов мектептин максаты, окутуу программасы тууралуу айтып беришүүдө.

 

Катышуучулар ойлору менен бөлүшүүдө.

 

Катышуучулар ойлору менен бөлүшүүдө.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *