Байланышуу

Жаш журналисттер кыймылынын жетекчилери:

0772666841 – Жакшылык Бердибеков

0550 539 555 – Улан Эгизбаев

“Устат-шакирт” долбоорунун жетекчисинин жардамчысы,
бул сайттын веб-редактору:

0552 17 23 45 – Рахат Саламатова

jashkgjournalist@gmail.com

4 comments to “Байланышуу”
  1. Журнал жөнүндө кеңири маалымат алууга болобу? Журналга көркөм чыгармалар басылабы? Ушуга жооп берип койсоңуздар.
    Урматтоом менен жазуучу М. Сатыбалдиев.

    • Саламатсызбы.
      “Көктөм” журналына кызыгып жатканыныз бизди кубандырат. Бирок, тилекке каршы, бул маалыматтык журнал журналистикада жаңы кадам жасап жаткан жаш калемгерлердин журналисттик эмгектерин жарыялап туруш үчүн ачылган. Көркөм чыгармаларды башка интернет-сайттарда жарыялаган туура болот го. Мен “Кыргыз маданият борбору” (http://kmb3.kloop.kg/) деген блогду алып барам. Бул жерге мен кыргыз маданиятына байланыштуу кызыктуу материалдарды топтоп системалаштырганга аракет кылып келатам. Анын Адабиятка арналган чон баракчасы бар – http://kmb3.kloop.kg/index.php/adabiyat/. Кааласаңыз мен бул жерде сиздин баракчаңызды да ачып, чыгармаларыңызды жайгаштырып бере алам.

      Урматым билдирип,
      Марат Токоев

  2. Урматтуу Марат! Менин интернетим көптөн бери иштебей калгандыктан, сенин жообуңду азыр гана окудум, ырахмат. Өзүм жөнүндө бир аз маалымат бере кетейин: мен 1-топтогу тубаса майыпмын, он төрт жашка чейин баса албай, төшөктө жаткам. Он төрт жашымда бир нече жолку операциядан кийин гана эки балдак менен үйгө кирип-чыгууга жарадым, ушунун кесепетинен мектептен да окуй албай калдым. Өз алдымча тамга таанып, китеп окуганга жарадым. Болгону ошол, буга чейин чоң-кичинеси болуп, беш поэтикалык, төрт прозалык жыйнактарым чыкты, Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсүмүн. Кийинки сегиз жылдан бери жазган китептеримдин бирин да чыгара албай келатам. Азыр беш-алты китебим даяр турат.
    Эми, Марат, өзүң айткан адабий баракчаңа менин анча-мынча чыгармаларымдан киргизип берсең абдан жакшы болот эле. Баса, ал баракчанын дарегим мага билдирип койсоң, мен интернетти жакшы деле билбейм, азыр ушул баракчаны капысынан таап алдым. Менин өзүмдүн сайтым жок.
    Саламым менен Мусакун. 20.08.14.

    • Саламатсызбы.
      Катыңызга кеч жооп берип жатканым үчун кечирим сурайм. Көптөн бери бул сайтка кире элек болчумун. Мен сууштаган сайттын дареги: http://kmb3.kloop.kg/

      Урматым билдирип,
      Марат Токоев

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *