ЖУРНАЛИСТТИК ИЛИКТӨӨ: ФАКТЫЛАР, ОЙ- ПИКИРЛЕР, КОММЕНТАРИЙЛЕР

Автордун орду, ал комментарий бере алабы? Журналистикада жанрлар түрлөрү көп, алардын эң орчундуусу да, опурталдуусу да – бул журналисттик иликтөө. “Бул маалымат жыйноо ишиби же жанрбы?”, – деп теоретиктер азыр деле талашып жатышат. Журналисттик иликтөө жанрын терең иликтеген А.Тертычный атуу окумуштуунун айтымында, постсоветтик өлкөлөрдө журналисттик иликтөө деп күндөлүк өтүп жаткан турмуштун бир орчундуу көйгөйүн ар тараптан иликтөө жумушу болуп саналат. Ал эми америкалык изилдөөчүлөрдүн оюнча, аналитикалык журналистика менен иликтөө бирдей эле жанр болсо керек. Англиялык изилдөөчү Дэвид Спарк журналистиканы үч деңгээлге бөлүп кароону сунуш кылган:

– Жалпы деңгээл. Мында репортер кайсы бир факт же окуя тууралуу кыскача гана кабар берет.

– Атайын деңгээл. Бул учурда журналист окуяны түшүндүрүп берүү далалатын жасайт, бирөөлөрдүн айткандарына таянат.

– Иликтөө деңгээли. Мында журналист окуя тууралуу күбөлөрдүн баарын табууга аракеттенет.

Журналисттик иликтөө ишинин максаты

Негизги максат белгилүү бир окуялардын, кырдаалдардын түпкү себептерин таап чыгуу, көпчүлүккө көрүнбөгөн ички, жашырын жактарын таап берүү. Иликтөөнүн түрлөрү: саясый, диний, экономикалык, коррупция, ар кандай чыр-чатактар.

Мисалы:

Экстремисттик саясый партиянын ишмердигин ашкерелөө;

Кызмат адамынын ичип-жегенин таап чыгуу;

Коррупция системасынын бетин ачуу ж.б.у.с.

Дүйнөлүк масштабдагы жаңжалдарды алсак: «Моникагейт» – АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтондун Ак үйгө практикага барган Моника Левински менен интимдик жакындыгы. Бул окуя эмнеси менен маанилүү? Америка коому өз президентинин моралдык жана ыймандык жүрүм-туруму кандай экенин даана билгиси келген. Журналисттик иликтөөнүн натыйжасында Клинтон аз жерден кызматынан айрыла жаздаган эле.

Же болбосо 2007-жылы Италияда болгон футбол жаңжалы. Анда өз ара жең ичинен сүйлөшүп алуу оюндары ашкереленип, бир катар атактуу клубдар жазага тартылган. Клубдардын ээлери миллиондогон чыгашага кириптер болуп, командалары ыдыраган. Кыргызстанда “Кумтөр”, “Крисстал”, энергетика, депутаттардын атылышы жана жоголушу, “Жерүй” өңдүү чоң чатактарды айтсак болот.

Журналисттик иликтөөнүн предмети

Предмет катары коомдук мааниси бар окуялар, чатактар, кылмыш иштери, коррупциялык иштер аталат. Бул окуяларды коомчулуктан жашыруу аракети болгондо журналисттик иликтөө өз озуйпасын аткарат. Мисалы, репортер бир окуя тууралу элге тааныш фактыларды жазып чыгат. Ал эми окуянын көпчүлүккө көрүнбөгөн жагын таап чыгуу аракетин биз журналисттик иликтөө деп айта алабыз.

Иликтөө предметтери үчкө бөлүнөт:

1. Ачылбай турган иштер. Чуулгандуу өлүм, кылмышкер табылган жок, суроолор болсо кала берүүдө. Дүйнөлүк масштабда Бермуд үч бурчтугу, анын түпкү сырларын азыркыга чейин эчким таап чыга элек. Орусияда, мисалы, белгилүү журналист Артем Боровик менен Политковскаянын өлтүрүлүшү. Кыргызстанда депутаттардын өлтүрүлүшү.

2. Ачылган иштер, бирок баары бир анын артында күмөндүү ойлор, шек саноолор калган. Негизги суроолорго жооптор, жалпы бир коомдук пикир бар сыяктуу, бирок журналист күмөн санап турат, ал акырындан өз иликтөөсүн баштайт. Мисалы, Орусияда падыша Николай II-нин үй-бүлө мүчөлөрүнүн сөөктөрү табылып, Санкт-Петербургда кайра жашырылды. Бирок алар өлтүрүлбөй эле өз өлүмү менен дүйнөдөн кайткан жана такыр башка жерде жашырылган деп эсептеген журналисттер чыгып жатпайбы. Кыргызстанда, мисалы, 1916-жыл боюнча, Улуу ата мекендик согуш жана кийинки тарыхый окуялар тууралу мурда калыптанган пикирлерге макул болбогон журналисттер бар.

3. Жашырылган кылмыштар. Бул учурда журналист кылмышты ашкерелеп, күнөөкөрлөрдү таап чыкпастан, анын маңызын ачуусу керек. Мисалы, Орусияда суу астында сүзүүчү кемедеги каргаша. Кыргызстанда Аксы кан төгүүсү.

Кайсы предметти иликтебесин, журналист толтура булактар – окуяга тике же кыйыр катышы бар адамдар, документтер менен тыгыз иштөөсү керек болот, андан тышкары байкоо салып жүрүшү абзел. Эгер шашылыш чүргөлгөн материал болсо, анда ал иликтөөгө жатпайт. Бул бир чети кылмыш издөө кызматкеринин ишине окшош.

Султан Жумагулов

, ,

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *