Кубанычбек Таабалдиев

УСТАТ

Орусия Федерациясынын журналисттер кошуунунун мүчөсү

Кыргызстан журналисттер кошуунунун мүчөсү

Азия журналисттер ассоциациясынын мүчөсү

Физ-мат. илиминин кандидаты, МГУ, 1993-жылы

 

БИЛИМИ

Фулбрайт Программасынын катышуучусу, Монтана Университети, АКШ, 2007-ж.

Бредли Университетинде бир жылдык стажировка, АКШ, 1995-ж.

Кандидаттык диссертацияны МГУда жактоо, Москва, 1993-ж.

Москва мамуниверситетинин аспирантурасы , Москва, 1992-ж.

Новосибирс мамуниверситети, Орусия, 1979-ж.

 

ИШ ТАЖРЫЙБАСЫ

2011-жылдан бери, «Кабар» КУМА
Директор

2010-11-ж.ж., КР Өкмөтүнүн аппараты
Маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси

2008-10-ж.ж., «Zpress» МА
Директор

2002-06-ж.ж., Кыргыз-Түрк “Манас” университети

Улук окутуучу

1998-2006-ж.ж., «Кабар» КУМА
Директор

1996-98-ж.ж., ВВС радиосунун Борбор-азиалык кызматы
Продюсер

1995-96-ж.ж., АКШнын Бишкектеги элчилигинин алдындагы ЮСИА
Коомчулук менен байланыш бюросунун жетекчисинин кеңешчиси

1994-95-ж.ж., Бредли Университетинде бир жылдык стажировка, АКШ

1993-94-ж.ж., «Кутбилим» гезити
Коомдук-саясат бөлүмүнүн жетекчиси

1991-92-ж.ж., «Независимая газетанын» Борбордук Азия боюнча кабарчысы 

 

СЫЙЛЫКТАРЫ

КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасы, 2002-ж.

Орусия Федерациясынын журналисттер кошуунунун Ардак грамотасы, 2003-ж.

 

ШАКИРТТЕРИ

Махабат Жумагулова (сентябрь – декабрь 2014)

Мирбек Сакенов (январь – март 2015)

Асел Моконова (апрель – июнь 2015)

Перизат Джаныбекова (июль – сентябрь 2015)

 

ШАКИРТТЕРИ УСТАТЫ ТУУРАЛУУ

Журналист үчүн практикалык даярдык абдан маанилүү. Бул жактан устатым Кубанычбек агайдын берген көрсөтмөлөрү мен үчүн материал даярдоодогу көпүрө болду.

Перизат Джаныбекова

 

Устатым Кубанычбек Таабалдиев, мага аналитикалык макала жазууда жардамын эч аяган жок. Агайдын аркасы менен макала жазууну өздөштүрө алдым деп айта алам. Актуалдуу маселелерди чагылдыруу жана аны жалпы кооомчулукка ачып берүүнүн эрежелерин түшүндүрүп берди. Бул менин журналистик билимимдин түптөлүшүндө эң чоң салымы болду деп эсептейм. Устатым менен иштешүүдө жалгыз эле макала жазууну эмес, адамдык мыкты сапаттарды да үйрөндүм. Өз ишиме так жана жоопкерчиликтүү мамиле кылууга, бардык нерсени өз учурунда кынтыксыз аткарууга аракет кылып калдым.

Асел Моконова

 

Устатым Кубанычбек Таабалдиевдин жардамы менен маалыматка аналитика жүргүзүүнү, материалды сапаттуу даярдоону үйрөндүм. Маселени тең салмактап, эки жагын байкаштырып анализдей баштадым.

Мирбек Сакенов

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *