Султан Жумагулов

УСТАТ

s_jumagulov

1959-жылы Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Талды-Суу айылында туулган.

 

БИЛИМИ

1981-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн.

 

ИШ ТАЖРЫЙБАСЫ

2013-жылдын ноябрь айынан тарта “ЭлТР” телекомпаниясынын директору.

2010-2013-жылдары “Азаттык-Медиа” мекемесинин директору.

2009-жылдан 2010-жылга чейин Кыргызстан президентинин Секретариатынын аналитикалык кызматынын башчысы.

2000-жылдан тарта 2009-жылга чейин Британдык Би-би-си радиосунун Кыргыз кызматында кабарчы, синьор-кабарчы болуп иштеген.

1995 -2000-жылдары көз карандысыз “Асаба” гезитинде баяндамачы.

1991-1993-жылдары “Эркин Тоо” гезитинин башкы редакторунун орун басары, андан кийин “Kyrgyzstan Chronicle” гезитинде баяндамачы болуп иштеген.

1981-1991-жылдары республикалык “Ленинчил жаш” гезитинде кабарчылыктан тарта жооптуу катчылыкта чейинки кызматтарды аркалаган.

 

Султан Акторпок аты менен “Кыргызча жашоо бормулалары” аттуу аңгемелери, “Чет жердик окурман үчүн кантип жазуу керек?” деген китепчеси жарык көргөн.

 

СЫЙЛЫКТАРЫ

“2003-жылдын мыкты журналисти” – Интерньюс.

 

ШАКИРТТЕРИ

Жумагүл Содирова (сентябрь – декабрь 2014)

Фарида Сейталиева (май – август 2014)

Рахат Акматова (апрель – июнь 2015)

Бакыт Төрөгелди уулу (апрель – июнь 2015)

Эркинай Исманали кызы (июль – сентябрь 2015)

 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *