Журналисттер аллеясында көчөттөр отургузулду

20160503_102914Бүгүн 3-май Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүндө “Журналисттер” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган “Журналисттердин аллеясында” көчөттөр отургузулду.

Аталган иш-чарага “Журналисттер” союзунун мүчөлөрү, ЖМКлардын өкүлдөрү жана журналистикага жаңыдан кадам таштап жаткан жаш журналисттер катышты.

Бул жышаан Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата ЮНЕСКОнун Алматыдагы Бюросунун колдоосу менен уюштурулган.

Белгилей кетсек, журналисттер аллеясында жыл сайын 3-майда ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп келет. Улуу муундагы жана жаш журналисттердин башын бириктирген бул аллея учурдагы маселелер, маалыматтар менен пикир алмашууда талкулоо аянтчасына айланган.

20160503_120302 20160503_103052 20160503_103100 20160503_103849 20160503_104004 20160503_104008 20160503_104428

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *