Мектеп журналистика тармагын аркалоого жана бул багытта өзүнүн шык-жөндөмү менен кесиптик да, жеке да өсүүгө далалат кылган таланттуу улан-кыздарды кыска мөөнөттүү практикалык окуудан өткөрүүнү көздөйт.
Окуу төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт:
- Журналистиканын вазыйпасы (миссиясы);
- Мыкты журналист болуунун сыры;
- Сабаттуу жана таасирдүү текст жазуу;
- Журналистикадагы азыркы заманбап багыттар.
Катышуучулардын окуган окуу жайына, иштеген тармагына, жаш курагына чек коюлбайт.
Окуунун жүрүшү жана үйрөнүү ыкмасы үчүн жеке ноутбуктун болуусу артыкчылык катары каралат.
Мектептин негизги окутуучулары:
- Жыргалбек Касаболотов
- Марат Токоев
- Данияр Исанов
Координатору: Салтанат Кыдырмаева
Байланышуу телефондору: 0558 72-87-78; 0702 80-50-70.
Долбоор “Көк асаба” агартуу жана маданият борборунун демилгеси жана “ИСУР” коомдук фондусунун колдоосу менен “Бирдиктүү Өнүгүү” коомдук фонду тарабынан өткөрүлүүдө.
Өнөктөш уюм – “Журналисттер” коомдук бирикмеси