“Бейөкмөт уюмдар: зыянбы же пайдалуубу? Бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү аракеттери”

“Устат-шакирт” окутуу, таалим-тарбия берүү системасынын алкагында жаш журналисттердин жалпы билим деңгээлин жогорулатуу боюнча уюштурула турган лекциялардын темасын аныктоо боюнча фейсбук социалдык тармагында жеке кат аркылуу сурамжылоо жүргүзүлгөн.

Көпчүлүк суранычтар менен биринчилерден болуп учурдагы маалыматтык себептерге жана коомдо талкууланып жаткан тренддерге байланыштуу бул ирет  “Бейөкмөт уюмдар: зыянбы же пайдалуубу? Бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү аракеттери” аталышындагы темада лекция өткөрүлөт.

Каалоочулар бул лекцияга алдын-ала каттоодон өтүүңүздөрдү суранабыз.

Тема: “Бейөкмөт уюмдар: зыянбы же пайдалуубу? Бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү аракеттери”.

Лектор: Эркингүл Убышева, “Жарандык катышуу” фондусунун аткаруучу директору.

Дата: 4-декабрь 2014-жыл, бейшемби

Убактысы: 16:00-18:00

Өткөрүлө турган жери: “Кабар” маалымат агенттиги 2-кабат, пресс-конференция залы. Абдрахманов көчөсү 175

Лекцияга катышууну каалагандар бул шилтемеге кирип фейсбук тармагындагы Жаш журналист аккаунтуна  кат аркылуу жазылыңыздар. Лекциянын соңунда катышуучулар үчүн кофе-брейк каралган. Лекциянын соңунда лектордон жана уюштуруучулардан кенен маалымат алууга чоң мүмкүнчүлүк болот.

,

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *