2015-жылдын 9-декабрында Устат-Шакирттердин алгачкы жолугушуусу өттү.
Буга чейин долбоордо жигердүү иш алып барган, кыргыз журналистикасынын келечегине кайдыгер карабаган агай-эжейлер кайрадан жаңы шакирттерин кабыл алып, шакирттер сабак-таалим системасы менен кененирээк таанышты.
Алсак, бул сессияда кыргыз журналистикасынын каймактары аталган Байма Сутенова, Кубанычбек Таабалдиев, Айнура Кабатай кызы, Бакыт Орунбеков, Толкунбек Турдубаев аттуу устаттар тажрыйбалары менен бөлүшүп, устат-шакирттер биргеликте эмгектерди жаратышмакчы.
Саламатсыздарбы? Бул долбоордун уюштуруучулары! Устат-Шакирт долбоорунун V сессиясы башталыптыр, мен да шакирт болууну каалап жаткам, анткени жакынкы күндөрдөн баштап, бул тармак боюнча мен да эмгектенип баштагам, бирок адистигим боюнча башка кесиптин ээси болгондуктан сиздерден сабак алсам болобу?