Сот адилетине жетүү боюнча сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

“Журналисттер” коомдук бирикмеси жана БУУнун Өнүктүрүү программасы биргелешип уюштурган сынакта жеңүүчүлөрдүн аты аталды.

Уюштуруучулар белгилегендей, аталган сынакта радио, телеберүү, газета жана интернет-басылмалары боюнча өзүнчө жеңүүчүлөр аныкталды.

Биринчи орунга “Супер-инфо” газетасынан Асхат Субанбеков, “Азаттык Медиа” Азамат Бектурсунов, “Ынтымак” радиосунан Хилола Ашурова жана эркин журналист Зинакан Пасанова ээ болушту.

Ал эми 2-орунга “Полит Клиника” газетасынан Кымбат Турдубекова, “Capital” Назгүл Коңурбаева, “Биринчи радио” Майраш Базлакунова жана “Азаттык Медиадан” Улан Эгизбаев татыктуу болушту.

3-орундун ээлери болуп “Для Вас” газетасынын журналисти” Нурия Шагапова, “Биринчи радио” Салтанат Калдыбаева, “Голос Свободы” интернет басылмасынан Гулмира Тыналиева аныкталды.

Ошондой эле, кызыктыруучу сыйлыкка Айгүл Бакеева (Полит Клиника), Мээрим Ташибекова (НТС), Сабыралы Абдумомунов (Азаттык Медиа) жана Гулнур Жумалиева (Кабар Ордо) ээ болушту.

Эскерте кетсек, 1-орундун ээлери үчүн 750 доллар, 2-орунга 550 доллар, 3-орунга 350 доллар жана кызыктыруучу сыйлыкка 100 доллардан акчалай байге тапшырылды.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *