Лекциялар

Фейсбукта жана кат аркылуу жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында жакынкы убакта өткөрүлүүчү лекциялардын темалары катары булар аныкталды:

  1. Журналисттик этика. Анын журналисттин өзүн-өзү чектөөдөн айырмасы. Этиканын зарылчылыгы.
  2. Кыргызстандагы диндер жана диний агымдар. Демократиянын мусулман өлкөлөрдөгү келечеги.
  3. Бажы союзу жана Кыргызстан ага киргенден кийин пайда болушу мүмкүн саясий-экономикалык мүмкүнчүлүктөр жана маселелер.
  4. Маалыматка жетүү. Мыйзамда каралган мүмкүнчүлүктөр.
  5. Дженерик дарылар. Сапаттуу дарыларды кантип аныкташ керек. Дарылар менен өлкөнү камсыздоо.
  6. Кыргызстандын тоо-кен байлыктары жана тоо-кен өндүрүшү.
  7. Кыргызстандагы мөңгүлөр. Жер шарынын орточо температурасынын көтөрүлүшү жана мөңгүлөрдүн абалы. Мөңгүлөрдүн азайышына байланыштуу пайда боло турган саясий, экологиялык ж.б.д.у.с маселелер.
  8. Коомдогу стереотиптер жана алардан арылуу жолдору.
  9. Бейөкмөт уюмдар: зыянбы же пайдалуубу?

 

 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *