ЖУРНАЛИСТИКА ДЕГЕН ЭМНЕ?

Журналистика кесип да, өнөр да болуп эсептелет, анткени журналисттер атайын көндүмдөргө таянып, жалпы стандарттарды тутунушат. Ошентип, медицина же юриспруденция сыяктуу ушундай эле терминдер менен баяндалчу башка иштерден журналистика эмнеси менен айырмаланат? Сыягы, эң чоң айырмачылык маалымат каражаттарынын эркин коомдо өзгөчө роль ойной тургандыгында болсо керек. Эркин басма сөздө көп учурда демократиянын кычкылтеги деп айтышат, анткени булар бири-бирисиз жашай албайт. Француз саясий баяндамачысы Алексис Токвилл мындан дээрлик 200 жыл мурда Кошмо Штаттарга келгенде мындан да тагыраак айткан экен. «Силер демократиясыз чыныгы гезитке, гезитсиз демократияга ээ боло албайсыңар», – деп жазган ал. Ошондон бери дүйнө жүзүндөгү элдер ушул жөнөкөй ойдун канчалык чын экенине ынанды. Калыптанып калган же жаңыдан өөрчүп келаткан демократия маалыматтуу жарандардын макулдугуна көз каранды болот, ал эми басма сөз элдин өзүн өзү башкаруусу үчүн зарыл болгон маалыматтын негизги булагы болуп эсептелет.

Журналисттердин маалымат берүүсүн камсыз кылуу үчүн көп өлкөлөр эркин басма сөз үчүн укуктук жактан коргоону киргизишкен. Мисалы, Кошмо Штаттарда журналистика – Конституцияда көрсөтүлгөн бирден бир кесип, анда мындай деп айтылат: «Конгресс сөз же басма сөз эркиндигин чектөөчү эч бир мыйзамды чыгарбайт». Кошмо Штаттардын үчүнчү президенти Томас Жефферсон 1787-жылы минтип жазган: «Биздин бийликтин өзөгүн элдин ой-пикири түзгөндүктөн, эң биринчи максат, ушул укукту коргоо болууга тийиш, эгер мага бизде гезитсиз бийлик, же бийликсиз гезит болуш керек, ушул экөөнүн бирин тандаңыз дешсе, мен эч олку-солку болбостон туруп, акыркысын тандамакмын».

Эркин коомдо журналисттердин белгилүү деңгээлде укуктары менен бирге жоопкерчиликтери да болот. Кээ бир өлкөлөрдө бул жоопкерчиликтер ачык жазылган, ал эми башкаларында болсо ачык айтылган эмес. Бирок дээрлик бардык учурда аларда бир эле нерсе айтылат: журналисттер тышкы таасирлерге көз каранды болбостон, болгонун болгондой так маалымат берүүгө жоопкер. «Журналистиканын негизги максаты – эркин коомдо жашаган жарандарды так жана ишенимдин маалымат менен камсыз кылуу» Дүйнөдөгү демократиялык коомдордо маалымат каражаттары бийликтин саясий жана сот тармактарынын иш- аракеттерин көзөмөлдөө сыяктуу кошумча функцияны аткарат. Алар добушу жокторго добуш берип, бийликтеги көпчүлүк азчылыктын укуктарын бузбай тургандай кылуу менен демократияларга дем берип турат. 19-кылымдагы америкалык жазуучу жана юморист Финли Питер Дьюн журналисттин иши – «бечараны жубатуу, байды бечара кылуу» деп жазган тура. Ошентип, эркин коомдогу журналистиканын негизги озуйпасы муундан-муунга өзгөрбөстөн келе жатат. АКШ журналисттер комитети 20-кылымдын аягында кесибинин мүнөздүү өзгөчөлүгү жөнүндө журналисттерден сурамжылоо жүргүзүп, соңунда: «Журналистиканын негизги максаты – эркин коомдо жашаган жарандарды так жана ишенимдүү маалымат менен камсыз кылуу» деген жалпы тыянакка келген.

Султан Жумагулов

,

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *