Журналисттер үчүн кызыктуу жана пайдалуу мастер-класс! “Журналисттер” коомдук бирикмеси жана “Жаш журналисттер” кыймылы кесиптештердин чеберчилигин арттырууга арналган мастер-класстарын улантууда. 2015-жылдын 28-февралында“Кабар” маалымат агенттигинде Жогорку Кеңештин эл аралык иштер комитетинин төрагасы, мурдагы журналист Каныбек Иманалиев жаш журналисттерге эл аралык мамилелерди чагылдыруунун эрежелери, өзгөчөлүктөрү боюнча мастер-класс өттү.Ошондой эле, ал катардагы кабарчылыктан президент катчылыгына чейинки эмгек жолундагы, андан кийинки саясый ишмердигиндеги өз тажрыйбасы менен да бөлүштү.
Жаш журналисттер депутатка бир гана журналисттик кесипкөйлүк боюнча суроо бербестен учурдагы өлкөдөгү саясий абал, ири маселелерге көз караштары жана аракеттери тууралуу сураганга жетишти.