Медиа-долбоор Кыргызстандагы журналисттерди тилдик жана этникалык көп түрдүүлүктү чагылдырууга жардам берет

Медиа-долбоор Кыргызстандагы  журналисттерди тилдик жана этникалык көп түрдүүлүктү чагылдырууга жардам берет

Бул багыттагы дискуссияны Бишкекте, 2014-жылдын 27-ноябрында өтүүчү «Көп түрдүүлүк аркылуу туруктуу өнүгүүгө карай» конференциясында өткөрүү пландалып жатат.

Кыргызстандык коомчулуктун реалдуу муктаждыктарын камтуу үчүн көп түрдүүлүктүн контекстинде мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн принциптери, полиэтникалык  Кыргызстандагы мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролу жана аны үйрөнүүнүн жаңы усулдары, көп тилдүү контентти түзүү, ММКдагы, Интернеттеги, кино жана искусстводогу көп түрдүүлүгү сыяктуу багыттардагы талкуулар тандалып алынган.

«Сорос – Кыргызстан» фондунун «Маалымат эркиндиги» программасынын финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнология мектебинин «ММК аркылуу көп түрдүүлүктү жайылтуу» долбоору журналисттерди маданият аралык диалогду конструктивдүү чагылдырууда, көп түрдүү жана көп тилдүү чөйрөнү колдоо аркылуу өлкөлүк өнүгүүдө көндүмдөрүн жогорулатат, ошондой эле жарандык өзүн таанууга багытталган маселелерди талкуулоо үчүн аянтча менен камсыз кылат.

2014-жылдын июнунда өткөн «Жалпы жарандык өзүн таануу: көп түрдүүлүктөгү биримдик. ММКнын, мамлекеттин жана коомдун ролу» (кененирээк: шилтеме), деген аталыштагы алгачкы дискуссия Кыргызстанда жашап жаткан жарандардын баары өзүн ыңгайлуу жана тең укуктуу сезиши үчүн көп түрдүүлүктүн жана көп тилдүүлүктүн  идеясын кеңири популяризациялоодо  бийликтин, жергиликтүү ММКнын жетекчиликтеринин, окумуштуулардын жана кызыгуусун туудурду.

«Мен бул долбоорду абдан актуалдуу жана керектүү деп эсептейм, – дейт КР маданият, маалымат жана миграция министринин орун басары Айнура Темирбекова. – Мындай долбоорлор бийлик өкүлдөрүнө жана ММКга аталган аялуу маселелерге кабылганда бири-бирин түшүнүшүп, көп түрдүүлүк боюнча кантип жана эмнени талкуулаш керектиги боюнча жардам берет».

Июнь айындагы үйрөтүүчү компонентте беш күндүк интенсивдүү тренинг болуп, аны Испания менен Казакстандын тажрыйбалуу медиа-тренерлери менен КР Президентинин Аппаратынын этникалык жана диний саясат эксперттери жана жарандык коом менен кызматташуу бөлүмү менен биргеликте өткөрүшкөн.

Окутуудагы бул жаңы ыкма көп түрдүүлүк жөнүндө академиялык билим менен айкалышкан тематикада, аны ММКда чагылдыруу, заманбап терминдерди жана түшүнүктөрдү пайдаланууда, КР элдеринин биримдигинин Концепциясынын багыттарында жана КР этника аралык мамиле жана жаңы тилдик саясатта, ошол документти ишке ашыруудагы мамлекеттин ролу тематикасында курулган сессияларынын арасындагы синергияны түзүүгө негизделген.

 

Тренингде жергиликтүү ММКдан  тандалып алынган журналист 17 көп түрдүүлүккө фокусталган медиа-контентти өндүрүү каражаттарына үйрөнүшкөн,  Кыргызстандын этникалык жана тилдик саясат тармагындагы өзүнүн түшүнүктөрүн жакшыртышкан, мультимедиялык сервистерди пайдаланганды үйрөнүшкөн ошондой эле өзүнүн медиа-долбоорлорун түзүшкөн (кененирээк: шилтеме).

Жыйынтыгында алардын ичинен 6 ФСКнын «Маалымат эркиндиги» программасынан финансылык колдоо алып, өзүнүн идеяларын ишке ашырышты.

«Тренингден кийин биз этникалык тематикадагы материалдардын үстүндө иштөөбүз жеңил болуп калганын сездик, себеби бизде этникалык топтор менен аракеттешүүдө керектүү көндүмдөр менен техникалар бар»,-деп белгилеп кетти Ош шаарындагы Format.kg он-лайн порталынын баш редактору Эрнист Нурматов.

 

14 радио берүү, басма жана он-лайн медианын медиа-контентин изилдөө акыркы убакытта журналисттердин репортаждарынын жана макалаларынын сапатынын жакшырып калганын көрсөтүүдө, журналисттер көп түрдүүлүк темасы жөнүндө көп сөз кылышып, ар түрдүү тилдик топтордун бирге жашап жаткандыгын жана алардын Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошуп жатканын көрсөткөн окуяларды көрсөтө, угуза, айта баштады. Ошого карабай, ЖМК  бардык кыргызстандыктар өзүнүн күнүмдүк жашоосунда сезе билиши керек болгон бул тенденцияны бекемдеши үчүн дагы көп иштеши керек.

«ЖМК аркылуу көп түрдүүлүктү жайылтуу» долбоору көп түрдүүлүк боюнча контентти  өнүктүрүүгө, этникалык диалогдо ЖМКнын конструктивдүү ролун күчөтүүгө, маданий, тилдик жана этникалык көп түрдүүлүктү чагылдырууда журналисттердин кесиптик көндүмдөрүн жогорулатууга  багытталган. http://www.ca-mediators.net/kg/jmknyn/

Кошумча маалыматтар үчүн«ЖМК аркылуу көп түрдүүлүктү жайылтуу»  долбоордун координатору Алика Карабаевага: +996312 69 40 15, +996772 21 32 57 e-mail: alikakarabaeva@gmail.com peacemakingschool@gmail.com  www.ca-mediators.net кайрылыңыздар.

Уюм жөнүндө:

Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектеби (School of Peacemaking and Media Technology) коммерциялык эмес уюм болуп эсептелет. Анын ишмердүүлүгү сөз эркиндигине жана маалыматка жетишүүгө, эркин жана адилеттүү журналистиканы өнүктүрүүгө, Кыргызстанда жана Борбордук Азияда кризис болгон аймактагы ЖМКлардын туруктуулукту жана демократияны өнүктүрүү максатында колдоого багытталган. Үч жыл аралыгында жергиликтүү ЖМКнын 200 журналист билим алган.

 

Мектептин негизги программалары:

 

– журналисттерди, редакторлорду жана медиа-менеджерлерди окутуу;

– коомдук талкууларды жана диалогду колдоо;

– изилдөөлөр, аналитикалык обзорлор, медиа-мониторингдер жана эксперттик баалоолор;

– насаатчылык жана медиакураторлук;

 

 

Кошумча маалымат алуу үчүн «ЖМК аркылуу көп түрдүүлүктү жайылтуу» долбоорунун координатору Алика Карабаевага +996312 69 40 15, +996772 21 32 57 кайрылыңыздар.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *