Г.Станалиева: “Кыргызстандагы медиа тармак бүгүнкү күнгө чейин илимий багытта түптөлө элек”

1401960893

Бул тууралуу Кыргыз-Түрк “Манас” Университетинин филология илимдеринин кандидаты Гүлзада Станалиева билдирди.

Анын айтымында, журналистиканын фундаменти билим берүү системасынан башталат.

«Журналистика тармагынын фундаменти болгон билим берүү системасы жаңыланышы керек. Анткени фундамент канчалык бекем болсо, ошончолук мыкты адистер чыгат. Жаш адистер коомдун эң негизги күчү болгондуктан аларга эң башынан натыйжалуу билим берүү зарыл. Коомду бүтүндөй кармап турган журналисттер маселени кайсы багытта, кандай деңгээлде алып чыгат, коомго канчалык таасир берет? Ушул сыяктуу суроолорго жооп берүү зарыл”,-деди Г.Станалиева.

Ошондой эле, ал өз сөзүндө медиа адистеринин чечим кабыл ала билүүсүнө, коомду таанытууга, иликтөөгө, коомдун абалын туура багытта чагылдыруу жөндөмүнө ээ болуусу керектигин баса белгиледи.
“Кыргыз журналистикасында бүгүнкү күндө окумуштуулар, изилдөөчүлөр жетишпейт. Эгер атайын изилдөөлөр, анализдер болуп турбаса өлкө кайда бара жатканын, ким экендигин, кандай багытта өнүгө тургандыгын аңдай албайт.”,-дейт ал.

 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *