«Көп түрдүүлүк аркылуу Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө карай» конференциясынын алкагында журналисттер жана жарандык активисттер үчүн мастер-класска катталуу башталды

2014-жылдын 27-ноябрында Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектеби «Сорос-Кыргызстан» Фондунун «Маалымат эркиндиги» программасы менен биргеликте көп түрдүүлүк темасындагы репортаждарды жана макалаларды жасоо, Интернетте көп тилдүүлүктү жайылтуу жана кыргыз тилин үйрөнүүнүн жаңы усулдары боюнча мастер-класстардын сериясына катышууга чакырат.

Мастер-класстарды Кыргызстан жана Грузиянын мыкты илимпоздору, кесипкөй медиа-эксперттер, тилчилер жана инновациялык окутуучулар жана он-лайн усулдарын иштеп чыгуучулар өткөрүшөт.

Мастер-класстар төмөнкү темалар боюнча өткөрүлөт:

1.«Көп тилдүү контентти жаратуунун каражаттары жана усулдары»   

 

Грузиянын Коомдук биринчи каналынын аз сандагы улуттар үчүн программанын Дирекциясынын директору Зураб Двалининмастер-классы, Тбилиси ш.

 

Зураб Двали полиэтникалык аудитория үчүн теле/радио жаңылыктарды, ошондой эле ар түрдүү тилдеги электоратка жана этникалык топторго багытталган шайлоо алдындагы берүүлөрдү жана социалдык роликтерди даярдоонун практикалык көндүмдөрүнө үйрөтөт.

 

Өткөрүлө турган жери жана убакты: «Достук» мейманканасы, Фрунзе көчөсү 429 Б, № 216 зал (2-кабат), 11.30-12.00.

 

  1. «Кыргыз тилин тестирлөөдөгү технологияны жана билимди баалоодогу Кыргызтесттинстандарттары»

 

КР билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Кыргызтест»  борборунун жетекчиси Батма Ставинскаянын мастер-классы.

 

Мастер-класс учурунда угуучулар билим деңгээлин баалоонун жаңы системасын билишет, кыргыз тилин канчалык деңгээлде билгендиги боюнча тесттен өтүп көрсө болот.

 

Өткөрүлө турган жери жана убакты: «Достук» мейманканасы, Фрунзе көчөсү 429,  Б, «Амфитеатр» залы(2-кабат), 11.30-11.50.

 

3. «Кыргыз тилин жаңы үйрөнө баштагандар үчүн» 

 

КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын окутуучу-маалыматтык борборунун директору Айнура Болотбекованынмастер-классы.

 

Бул мастер-класс – кыргыз тилин үйрөнүү боюнча жаңы усулдун негизинде түзүлгөн интерактивдик сабак. Катышуучулар ошондой эле окутуу процессине баа берүү жана өзү үчүн ылайыктуу сабактардын формасын тандаганга мүмкүнчүлүк алышат.

 

Өткөрүлө турган жери жана убакты: «Достук» мейманканасы, Фрунзе көчөсү 429,  Б, «Амфитеатр» залы (2-кабат), 11.50-12.20.

 

  1. «Кыргыз тилин он-лайн түрүндө өз алдынча үйрөнүү»

 

Tili.kgдолбоорунун жетекчиси Александр Тумановдунмастер-классы.  

 

Бул сабакта катышуучулар кыргыз тилин үйрөнүүдө www.tili.kgсайтынын кандай мүмкүнчүлүк бергендиги боюнча практикалык маалымат алышат, электрондук сөздүктү пайдаланганды үйрөнүшөт, кыргыз тилин үйрөнүү боюнча on-lineкурстун системасынын иштөө ыкмасы боюнча түшүнүк алышат.

 

Өткөрүлө турган жери жана убакты: «Достук» мейманканасы, Фрунзе көчөсү 429,  Б, «Амфитеатр» залы (2-кабат), 12.20-12.40.  

 

 

5. «Редакциялардагы көп түрдүүлүк».

 

Грузиянын Коомдук биринчи каналынын аз сандагы улуттар үчүн программанын Дирекциясынын директору Зураб Двалининмастер-классы, Тбилиси ш.

 

Медиа-эксперт телевидение жана радиодогу мультиулуттук ишмердүүлүктү түзүү жана ишмердүүлүгү, мындай редакциялардын репортерлорунун булактар менен иштөө усулдары жана алардын өз аудиториясы менен байланышуусу боюнча тажрыйбасы менен бөлүшөт.

 

Өткөрүлө турган жери жана убакты: «Достук» мейманканасы, Фрунзе көчөсү 429,  Б, № 216 зал (2-кабат), 14.20-14.50.  

 

6. «ky.wikipedia.org контентин кантип толтуруу керек»

 

Тарых илимдеринин доктору, Ж. Баласагын атындагы КУУнун профессору, Кыргызстан тарыхчылары Коомунун президенти Тынчтыкбек  Чоротегиндин сабагы.

 

Кыргыз википедиясынын активисти Тынчтыкбек  Чоротегин катышуучуларды  Интернеттин мисалында кантип макала жайгаштыруу керек жана ky.wikipedia.orgсайтындагы каталарды кантип оңдоо керек экендигин көрсөтөт: ошол веб-ресурс үчүн даярдалган материалдарга талаптар, булактарды пайдалануу жана башка техникалык өзгөчөлүктөр жөнүндө айтып берет.

 

Өткөрүлө турган жери жана убакты: «Достук» мейманканасы, Фрунзе көчөсү 429,  Б, «Амфитеатр» залы (2-кабат), 15.50-16.10.

 

 

Мастер-класска катышууну каалоочулар алдын ала кат жүзүндө эртерээк катталуусу керек. Аны үчүн аты-жөнүн, иштеген ЖМКсын, кызматын, каалаган мастер-классын жазып, peacemakingschool@gmail.com деген дарекке жөнөтүп же Тынчтыкты орнотуу же медиатехнология Мектебинин сайтындагы баракчага https://www.facebook.com/schoolofpeacemaking билдирүү жөнөтүңүз.

 

Көңүл буруңуздар! Мастер-класстарга катталуу 2014-жылдын 24-ноябрында, саат 18.00 чейин жүргүзүлөт.

 

,

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *