Бишкекте журналисттердин ишмердүүлүгү талкууланат

24-ноябрь күнү журналисттердин үстүнөн жазылган даттануулар медиа серепчилердин жана жарандык коом өкүлдөрүнүн катышуусунда журналисттердин ишмердүүлүгү талкууланат. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды кароо комиссиясынан билдиришти. Талкууда комиссиянын жүргүзүп жаткан жумушу тууралуу баяндама угулуп, журналисттердин этикасы жөнүндө пикирлер айтылат.

Аталган комиссия 2007-жылдан бери иш алып барат. Алар кайсы бир макала боюнча жарандардан түшкөн арыздардын негизинде журналист же редакция менен иштешет. Эгер макалада журналисттердин этикалык кодексине ылайык келбеген сөздөр жазылса, басылмага жана журналистке эскертүү берилет.

Белгилүү юрист Шамарал Майчиев төрагалык кылган комиссиянын 13 мүчөсү бар. Аларга даттануулар негизинен гезиттердин үстүнөн көп түшөт.

,

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *