Калыстар тобу устаттарга шакирттерди тандап алышты

Устат-Шакирт сабак-таалим долбоорунун кезектеги сессиясы башталды. Фейсбук социалдык тармагында жүргүзүлгөн устаттарды тандоо сурамжылоосунун жыйынтыгы боюнча көпчүлүк добуш менен аталган устаттар тандап алынган:

  1. Марс Тулегенов,
  2. Кубанычбек Таабалдиев,
  3. Жыргалбек Касаболотов,
  4. Эсенбай Нурушев,
  5. Султан Жумагулов,
  6. Түгөлбай Казаков,
  7. Бакыт Орунбеков.

Бул иш-аракеттен кийин аталган устаттарга шакирттерди тандап берүү боюнча долбоордун уюштуруучулары тарабынан сынак жүргүзүлдү. Каалоочулар резюмелерин жана кайсы устатты тандай тургандарын белгилеп, электрондук почта адресине өздөрү тууралуу маалыматтарды жөнөтүшкөн. Калыстар тобу бардык резюмелерди карап, устаттарга төмөнкү шакирттерди тандап алышты.

1.Кайрат Кенжебай уулу

2.Махабат Жумагулова

3. Гүлзыйнат Камалбекова

4. Сайрагүл Дуулатова

5. Жумагүл Садирова

6. Нуржаз Шеримбекова

7. Алимбү Токтогул кызы

Белгилей кетсек, калыстар тобуна “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев, “Жаш журналисттер” кыймылынын лидерлери Жакшылык Бердибек уулу жана Улан Эгизбаев кирген.

 

,

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *