Кыргыз журналистикасын ушак-имиштерден тазалай турган устат-шакирттер алгачкы кадамдарын баштады

Үстүбүздөгү жылдын 20-октябрында улуттук “Кабар” маалымат агенттигинде устат-шакирттердин кезектеги сессиясынын алгачкы жыйыны болду. Жыйынга социалдык тармактагы сурамжылоонун негизинде көпчүлүк добушка ээ болгон кыргыз журналистикасындагы кесипкөй агайлар жана кастингдин натыйжасында тандап алынган шакирттер катышты.

Эскерте кетсек, устат-шакирт долбоору “Журналисттер” коомдук бирикмеси жана “Жаш журналисттер” кыймылы тарабынан ишке ашкан.

“Жаш журналисттер” кыймылынын тең төрагасы Улан Эгизбаевдин айтымында, бул демилгенин башкы максаты кыргыз журналистикасынын деңгээлин көтөрүү жана улуу муундагы кадыр-барктуу, кесипкөй журналисттер менен жаңыдан чыгып келе жаткан журналисттердин башын бириктирүү болуп саналат.

“Кыргыз журналистикасын ушак, имиштерден тазалоо менен бирге улуу муундагы тажрыйбалуу адистердин билимин жаш муундарга өткөрүп берсек келечекте мыкты адистер чыгат деп ойлойбуз. Коомдун кызыкчылыгы, келечеги үчүн иштеген, туура, так, аналитикалык ойду чагылдырган журналисттердин санын көбөйтсөк мамлекеттин маалымат тармагы оңолот деп ойлойбуз”,-дейт Улан Эгизбаев.

,

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *