Устат менен шакирттердин таанышуу жолугушуусу болуп өттү

6-майда кечинде “Устат-шакирт” системасынын биринчи катышуучуларынын таанышуу жыйыны болуп өттү. Ал “Диалог Евразия” платформасынын (“DА”) кеңсесинде өттү. Бул жерде белгилей кете турган нерсе, “DА” мындан ары да Жаш журналисттер кыймылынын демилгелерине, иш-аракеттерине ар жактан колдоо көрсөтүп тураарын билдирет.

Тилекке каршы, жумуштарынан бошой албагандарына байланыштуу устаттардын айрымдары келе албай калды. Жаш журналисттер өзүлөрү устат катары көргүсү келип тандагандардан Жыргалбек Касаболотов, Тынчтыкбек Кожобеков, Ибрагим Нуракун уулу жана Азамат Тынаев болду. Бирок шакирттер бири калбай келишти.

Жыйын учурунда катышуучуларга дагы бир ирет “Устат-шакирт” системасы тууралуу маалымат берилип, устат менен шакирттер бир-бирине тааныштырылышты. Устаты келбей калган шакирттер тууралуу кыскача маалыматтар устаттарына кат жүзүндө жиберилип, алардын бир-бири менен таанышуусуна уюштуруучулар көмөктөшмөкчү.

“Устат-шакирттин” 1-курсу 4 айга созулат (жайында 1 ай эс алууга кетээри эске алынды). Ар-бир устат жана шакирт тууралуу маалыматтар бул сайтка жайгаштырылмакчы. Ошондой эле бул тарбия-таалим окутуунун учурунда шакирттер тарабынан даярдалган бардык материалдар атайы ачылган сайтта жарыяланып турмакчы.

Төмөндө жыйындан көрүнүштөр.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *