КӨП ТҮРДҮҮЛҮКТҮ ЧАГЫЛДЫРУУ БОЮНЧА ТРЕНИНГКЕ ЖМКлар АРАСЫНДА СЫНАК ЖАРЫЯЛАНАТ

«Арачылардын элдештирүү тармагы» Коомдук фондунун Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектеби (School of Peacemaking and Media Technologies of Central Asia) «Сорос-Кыргызстан» корунун «Маалымат эркиндиги» программасы менен бирге Кыргыз Республикасында расмий түрдө катталган телеканалдардын, радиолордун жана он-лайн басылмалардын арасында көп түрдүүлүктү чагылдыруу боюнча тренингке сынак жарыялайт.

Долбоор көп түрдүүлүк жөнүндө медиа продукцияны өнүктүрүүгө, этнос аралык диалогдо массалык маалымат каражаттардын конструктивдик ролун бекемдөөгө, журналисттердин маданий, тил, дин жана этникалык көп түрдүүлүктү чагылдырууда кесиптик тажрыйбасын жогорулатууга багытталган. Долбоор «Сорос-Кыргызстан» фондунун «Маалымат эркиндиги» программасынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жатат.

Тандалган 20 катышуучу беш күндүн ичинде миң кырдуу коом тууралуу объективдүү репортаждарды чыгаруу боюнча билим алышат, этикалык стандарттар жөнүндө билимин кеңейтишет, жана ошондой эле мультимедиалык технологияларды колдонуу боюнча тажрыйбаны какташат.

Тренингтин учурунда журналисттер сапаттуу контентти чыгарууга жана көп түрдүүлүк жөнүндө идеяларды жайылтууга күчтүү мотивация алышат. Ошондой эле, көп түрдүүлүк жөнүндө медиа долбоорлорду ишке ашыруу үчүн аларга грант түрүндөгү техникалык жардамды алуу боюнча заявкалардын сынагына катышууга мүмкүнчүлүк берилет.

Машыгууну мультимаданий жана этникалык журналистика, заманбап он-лайн контентти чыгаруу тармагында чоң тажрыйбасы бар америкалык, казакстандык жана кыргызстандык тренерлер өткөрөт.

Тренинг 7-июлдан 11-июлга чейин Бишкек шаарында өтөт.

Бардык чыгымдарды уюштуруучулар өзүнүн мойнуна алышат.

Тренингде катышу үчүн peacemakingschool@gmail.com электрондук дарекке резюме, мотивациялык кат жана заявканын формасын толтуруу зарыл. Форманы бул жерден жүктөп алсаңыз болот.

Документтер кыргыз жана орус тилдеринде 20-июнь, саат 18:00гө ЧЕЙИН кабыл алынат. Кароого документтердин ТОЛУК пакети (резюме, мотивациялык кат жана толтурулган заявка) гана каралат.

УЮМ ЖӨНҮНДӨ:

“Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар мектеби Кыргызстанда жана Борбор Азияда тынчтыкты орнотуучу журналистиканы алгалатууга, тынчтыкты орнотуунун механизмдерин үйрөтүүгө, обьективдүү жана адилеттүү журналистиканы орнотууга, аймактардагы репортерлорду жаңы медиялык технологияга үйрөтүүгө, ЖМКда жана Интернетте душмандашуу тилине изилдөө жүргүзүүгө багытталган. “Тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар мектебинин” алкагында көп деңгээлдүү тренингдер жана вебинарлар өткөрүлөт, студенттер жана медиа-волонтерлорду даярдоо жүргүзүлөт.

,

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *