18-декабрда кезектеги лекция өттү

10847097_1513950578881355_2029943860_n

18-декабрда “Кабар” маалымат агенттигиин пресс-залында “Устат-Шакирт” долбоорунун алкагында жаш журналисттер үчүн “Бажы союзу жана Кыргызстан ага киргенден кийин пайда болушу мүмкүн саясий-экономикалык мүмкүнчүлүктөр жана маселелер” темасында кезектеги лекция өттү.

Лектор катары Экономика жана каржы институтунун директору, экономика илиминин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев болду.

Жаш журналисттер аталган теманын алкагында лекторго суроолорду берип канааттандырарлык жоопторду алып жатышты. Ошондой эле, бажы маселеси учурдагы өтө актуалдуу тема болгондуктан бажы союзунан сырткары экономикалык маселелер боюнча суроолор берилди. 1 сааттык лекция 2 саатка созулду.

,

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *