“Устат-Шакирт” окутуу, сабак-таалим системасынын алгачкы сессиясы жыйынтыкталды

25-декабрда “Кабар” маалымат агенттигинде “Устат-Шакирт” окутуу, сабак-таалим системасынын алгачкы сессиясы жыйынтыкталды. 3 ай бою устаттардан сабак алган шакирттердин жазган эмгектери “Көктөм” сайтына жарыяланып, шакирттерге сертификат тапшырылды.

Устат-Шакирт сабак-таалим долбоорунун кезектеги сессиясына фейсбук социалдык тармагында жүргүзүлгөн устаттарды тандоо сурамжылоосунун жыйынтыгы боюнча көпчүлүк добуш менен аталган устаттар тандап алынган:

  1. Марс Тулегенов,
  2. Кубанычбек Таабалдиев,
  3. Жыргалбек Касаболотов,
  4. Эсенбай Нурушев,
  5. Султан Жумагулов,
  6. Түгөлбай Казаков,
  7. Бакыт Орунбеков.

Бул иш-аракеттен кийин аталган устаттарга шакирттерди тандап берүү боюнча долбоордун уюштуруучулары тарабынан сынак жүргүзүлгөн. Каалоочулар резюмелерин жана кайсы устатты тандай тургандарын белгилеп, электрондук почта адресине өздөрү тууралуу маалыматтарды жөнөтүшкөн. Калыстар тобу тарабынан төмөнкү шакирттер тандап алынган.

1. Кайрат Кенжебай уулу

2. Махабат Жумагулова

3. Гүлзыйнат Камалбекова

4. Сайрагүл Дуулатова

5. Жумагүл Садирова

6. Нуржаз Шеримбекова

7. Алимбү Токтогул кызы

Сессияны жыйынтыктоочу бөлүгүндө устаттар жана шакирттер долбоор тууралуу өз пикирлерин, сунуштарын айтышты.

Устат Кубанычбек Таабалдиев шакирттерди тандоо процессине устаттар дагы катышуусу керектигин белгиледи.

“Бул системада устат менен шакирттин алака түзүп, эмгек жаратуу үчүн алгач шакирт тажрыйба алууга өтө кызыкдар болуп, мүнөзү жагынан дагы коммуникабелдүү, устатка такай кайрылып туруудан тартынбаган, өжөрлүк сапаттарына ээ болушу зарыл. Анткени бул сапаттарга ээ болбосо шакирт менен иштешүү кыйынчылыкты жаратат. Бул сессияда менин шакиртим Махабат Жумагулова абдан активдүү жана жоопкерчиликтүү мамиле кылды. Натыйжада жакшы жыйынтыктар болду деп айта алам. Албетте 3 ай ичинде көп нерсени үйрөнүүгө мүмкүн эмес. Бирок шакирт устаттагы сапаттарды үйрөнүп, баарлашуу, макала жазуу учурунда ар түрдүү идеяларды топтоп алууга толук мүмкүн”,-дейт К.Таабалдиев.

Устат Бакыт Орунбеков шакирти жана долбоор тууралуу мындайча пикирин билдирди.

“Менин шакиртим Алимбү Токтогул кызы учурда журналистика факультетинде билим алат. Буга чейин иш жүзүндө макала жазып көргөн эмес экен. Ошондуктан алгач шакиртим экөөбүз макала даярдоого тема издедик. Менин берген тапшырмам менен анын ою төп келгенде гана иш-аракеттер жигердүү башталды. Алимбү учурдагы жумушсуздук маселеси боюнча макала жазды. Аны даярдоо учурунда журналистиканын ушундай изденүүнү, өжөрлүктү талап кылгандыгын сезип, мага ар кандай суроолорду берип жатты. Чындыгында, терең үйрөнөм, кесипкөй адис болом деген шакирттер натыйжада жакшы жыйынтыктарды бере алат. Шакирт менен иштешүү ойдогудай болду”

Бул сыяктуу ар түрдүү сунуштар жана пикирлер айтылган соң, шакирттер дагы өз каалоолорун жана ыраазычылыктарын билдиришти. Жалпысынан алганда, устаттар жана шакирттер бул системаны улантуу керектигин белгилеп, буга чейинки кемчиликтерди кетирбөөгө сунуштарын киргизишти.

“Устат-Шакирт” системасы “Журналисттер” коомдук бирикмеси жана “Жаш журналисттер” кыймылы тарабынан АКШнын Кыргызстандагы элчилигине караштуу Демократиялык комиссиянын каржылык колдоосунда ишке ашууда.

“Жаш журналисттер” кыймылынын тең төрагасы Улан Эгизбаевдин айтымында, бул демилгенин башкы максаты – кыргыз журналистикасынын деңгээлин көтөрүү жана улуу муундагы кадыр-барктуу, кесипкөй журналисттер менен жаңыдан чыгып келе жаткан журналисттердин башын бириктирүү болуп саналат.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *