“Мыкты кабарчыларды” жана “Мыкты басма сөз кызматын” аныктоо боюнча сынактын жыйынтыктары аталып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат

7-ноябрда “Мыкты кабарчыларды” жана “Мыкты басма сөз кызматын” аныктоо боюнча сынактын жыйынтыктары аталып, жеңүүчүлөргө сыйлыктары тапшырылат. Бул тууралуу “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев билдирди.

Анын айтымында, аталган сынакты “Журналисттер” коомдук бирикмеси, “Жаш журналисттер” кыймылы, “Маалыматтык укук борбору” жана КР ЖМК кызматкерлеринин профсоюзу уюштурган.

Иш-чаранын алкагында ЕККУнун Академиясы менен DW Академиясы жана бир катар Кыргызстандык медиа уюмдар биргелешип уюштурулган иш-чара өткөрөт. Бул Академиялар Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жаш журналисттери үчүн өткөрүп келе жаткан заманбап журналистиканын жайкы мектебинин 4 жылдык иш жыйынтыгын тааныштырат. Анын соңунда журналистикадагы маселелер жана жаш кадрларды даярдоо боюнча пикир алмашуу болот. Ошондой эле, темалар боюнча кыргызстандык медиа адистердин докладдары күтүлөт.

 

,

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *