Э.Турдубаева:“Алган билимим үй-бүлөлүк жашоомо дагы көп пайдасын берди”


1898040_10152232798985428_2034247139_n

Аял жакшы эр жакшы, вазир жакшы хан жакшы демекчи аялзаты үй-бүлөдө үйдүн куту, очок ээси эмеспи. Бул ирет “Ийгилик сыры” рубрикабызда аялзатына тиешелүү мыкты сапаттарды алып жүрүү менен бирге коомдук иштерде кесипкөй адис катары жигердүү иш алып барган, Кыргызстандагы эң алгачкы коммуникация илиминин доктору Элира Турдубаева тууралуу сөз кылабыз. Элира айым 32 жашта, 1  кыз, 2 уулдун энеси. Учурда Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин Журналистика жана массалык коммуникация департаментинин башчысы болуп эмгектенет.

-Элира эже, алгач балалыгыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

– Мен 1982-жылы 20-октябрда Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында төрөлгөм. Балалыгым абдан кызыктуу өттү. Чоң ата, чоң апамдын колунда тарбия алып, айылдын жашоосун, кереметин көрүп чоңойдум. Мектепте жакшы окуп, англис тили сабагынан республикалык олимпиадаларга барып, коомдук иштерге активдүү катышаар элем. Жайкысын жайлоодо колума “Сынган Кылыч”, “Каныбек” жана башка том китептерди кармап алып кой кайтарчумун. Эң кызыктуу жерлерине келгенде уй же койлор качып баратканда мен китептен көзүмдү алалбай араң ордуман турар элем. Бул адатымды көргөн туугандарым күлүшчү. Айта кетчү нерсе, ошол биздин Ак-Терек деген тоолуу айылдан Жалпак-Таш колхозуна караштуу, 15 илимдин кандидаты жана профессорлор чыккан. Алардын көпчүлүгү медицина илимдеринин докторлору, белгилүү академиктер. Ал айылдын суусу касиеттүү деп айтышат. Кыскасы, менин балалыгым табияттагы сулуулукту айкалыштыруу менен бирге ар дайым китеп окуу менен өттү.

– Коммуникация түшүнүгү жакында эле кирген термин катары айтсак болот. Сизди Кыргызстандагы жалгыз пиар адиси катары айтып келишет. Пиар деген сөздү кандай түшүнсө болот?

– Мен бул тармакта көп жылдар бою эмгектенип, билим алдым. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин коом менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн эң алгачкы бүтүрүүчүсү болом. Ошондой эле, бакалавр менен гана чектелип калбастан, магистратура, докторантураны аяктадым.  Жалпысынан алганда 10 жыл бою билим алуу, илимий изилдөө менен алектендим. Чындыгында, учурда өлкөдө пиар деген түшүнүктү көпчүлүгү атайын акчага жасалган реклама катары кабыл алат. Анын түпкү маанисин баары эле биле беришпейт. Айрымдары аны заказ аркылуу бирөөнү мактаган,  же бирөөнү атайын жамандаган маалыматтарды пиар катары кабыл алышат. Бул туура эмес. Пиар деген сөз акчага эмес, коомго чындап пайда алып келген, мамлекетке салым кошкон инсандар тууралуу жазылган маалыматтар менен бааланат. Анын социалдык, коомдук жоопкерчилиги бар. Тилекке каршы учурда бул тармакта билим алып, кесипкөй адис катары иштеген адистер жокко эсе. Мисалга алсам, мени менен бирге билим алган группалаштарым жашоо шартка байланыштуу бул тармакта иштөөнү, илимий  изилдөөнү улантпастан башка чөйрөдө иштеп кетишкен.

-Коом менен байланыш бөлүмүнүн студенттерине аталган адистик боюнча такыр башка чөйрөдөгү окутуучулар сабак бергендерин угуп калдык.

– Мен 2004-жылы КТМУда бакалаврды аяктаган соң Кыргызстандагы Түркия элчилигинде Түркия элчисинин котормочусу жана медиа тармагында адис катары иш алып бардым. Ошол эле жылы “Манас” университети мени кенже илимий кызматкер катары иштөөгө чакырып алышты. Ошентип аталган окуу жайда бир учурда магистратурада, андан сон докторантурада окуп дагы, кенже илимий кызматкер катары да иштеп баштадым. Негизи докторантура билимине ээ болгон соң студенттерге сабак берүүгө толук мүмкүнчүлүк бар эле. Бирок университеттин жетекчилиги көпчүлүк учурда жаш адистерди жаш деп аларга сабак бердиртпейт. Ошондуктан көпчүлүк учурда улуу муундагы башка тармактагы агай-эжейлер биздин кесиптин сабактарын окутушат. Мен бул окуу жайда 40тан ашык илимий иштерди жазып чыктым. Алардын айрымдары бир гана Кыргызстанда эмес, Түркия, Англия, Польша, Болгария, Италия, Кипр мамлекеттеринде макала түрүндө жана китептерге басылып чыккан. Илимий иштеримдин көпчүлүгү коммуникация илими, коомчулук менен байланыш, социалдык тармактар, саясий коммуникация жана башка тармактардагы жаңы маалыматтарды камтыйт. КТМУда мугалим катары сабак бербесем да, докторантурамды аяктаган сон 2011-2013-жылдары Борбордук Азиядагы Америкалык Университетинин Журналистика жана массалык коммуникация факультетинде Массалык коммуникациянын теориялары сабагын берип окутуучу болуп эмгектендим. Учурда дал ушул факультетте жигердүү иштеп жатам.

– Сиздин басып өткөн жолуңузду угуп айрым жетекчилер жаш кесипкөй кадрларды баалабайт деген ойго келдик. Сиздин оюңузча бул иш-аракеттер келечек муундун шагын сындырбайбы?

– Жаштар аракет кылып, ар дайым талыкпай эмгектенсе сөзсүз анын үзүрүн көрөт деген ойдомун. Ооба, айрым жерлерде бюрократия күчтүү. Бул сыяктуу нерселер жаш муундун өнүгүүсүнө тоскоол болот. Мен алган билимимди жана көп жылдар бою топтогон тажрыйбамды келечек жаш муунга өткөрүп бергим келет. Ошондуктан учурда Кыргызстандагы пиар адистеринин билим деңгээлин жогорулатуу, заманбап терминдердин чыныгы маанисин түшүндүрүү үчүн атайын долбоордун үстүндө иштеп жатам. Буюрса, жакын арада ал долбоорго дагы күбө болосуздар.

– Сиз үйдө сүйүктүү жубай, мээримдүү эне, ал эми ишиңизде кесипкөй адис катары үлгүлүү айымдын образын чагылдырат экенсиз. Ошол эле учурда ишиңизде ийгиликтерди жаратуунун сыры эмнеде болду экен?

– Эң негизгиси талыкпай эмгектенем жана китеп окуу менен бирге изденип турам. Үй-бүлөдө жолдошумду ар дайым колдоп, аны түшүнүү менен кабыл алам. Менин оюмча, аялзаты бакытын үй-бүлөдөн гана тапса керек. Балдарыма дайым камкор болууга, аларга татыктуу тарбия берүүгө аракет кылам. Ошондой эле, аялзатына эң керектүү сапат чыдамкайлык, сабырдуулук деп ойлойм. Өзүм коммуникация тармагынын адиси болгондуктан алган билимим үй-бүлөлүк жашоомо дагы көп пайдасын берет. Мисалы, үй-бүлөдө конфликттерде эмоцияга алдырбай, бир калыпта болуп, түшүнүп, каршымдагы адамдын жан дүйнөсүнө кирип, кырдаалга ошол адамдын көзү менен карап , өзүмчүл болбой сабырдуу болууга аракет кылам. Аялзаты бардык нерсеге чыдап сабырдуу болсо үй-бүлө бекем болот. Эркекке теңелип бакырып, уруша берген үй-бүлөнүн бузулуусуна алып келет.

1743622_10152228435765428_1655904871_n1959491_10152640439155428_368568454192109790_n

,

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *