“Устат-шакирт” долбоорунун 4-сессиясына шакирттерди тандоо башталды

Устат-Шакирт сабак-таалим долбоорунун июнь-июль-август айларында боло турган кезектеги сессияга шакирттерди тандоо башталды. Фейсбук социалдык тармагында жүргүзүлгөн устаттарды тандоо сурамжылоосунун жыйынтыгы боюнча көпчүлүк добуш менен аталган устаттар тандап алынды:

  1. Айнура Кабатай кызы
  2. Бакыт Орунбеков
  3. Султан Жумагулов
  4. Кубанычбек Таабалдиев
  5. Байма Сутенова
  6. Али Токтакунов
  7. Толкунбек Турдубаев

Жогорудагы устаттарга шакирт болууну каалаган жаш журналисттер  кайсы устатты тандай тургандарын белгилеп, эмне үчүн ошол устатты тандап жаткандыгын жазып jashkgjournalist@gmail.com электрондук почтасына резюмелерин жөнөтүүлөрү керек. Калыстар тобу жана устаттар бардык резюмелерди карап чыгышат. Жалпысынан 7 устатка 7 шакирт тандап алынат.

Белгилей кетсек, резюмелерди кабыл алуу 17-июнга чейин улантылат.

Сурап билүү үчүн 0552 17 23 45 номерине долбоордун координатору

Рахат Саламатовага кайрылсаныздар болот.

 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *