Белгилүү кыргыз ардагер журналисти, устат жана коомдук ишмер Кенжалы Сарымсаков 20-майда түнү бул дүйнөдөн кайтты.
Кенжалы Сарымсаковдун сөөгү 22-майда акыркы жылдары жашап келген Кичи Орок айылында жерге берилет. Коштошуу зыйнаты саат 11:00дө Ашпара көчөсү, 19А дарегинде башталат.