“Сыябан” аттуу жаңы долбоор ишке ашууда

ЖМКларды колдоо борбору, Практикалык журналистика мектеби, “Жаш журналисттер” кыймылы жана “Бишкек Парк” соода борбору “Сыябан” аттуу жаңы долбоор сунуштайт!

Иш-чаранын башкы максаты – Кыргызстандын медиасындагы көрүнүктүү инсандар менен чыгармачыл баарлашуу, окурман-көрөрман журтчулугу менен журналисттерди жакындан тааныштыруу болуп саналат. Долбоор ушундай жол менен кыргыз журналистикасынын деңгээлин, журналисттердин аброюн көтөрүүнү көздөйт.

Ар бир жолугушуу 3 бөлүктөн турат:
1) Чакырылган сыйлуу коноктун өзү жана чыгармачылыгы тууралуу баяны
2) Суроо-жооптор
3) Чай үстүндо эркин баарлашуу

“Сыябан” долбоору кыргыз жана орус тилдеринде өтөт. Алгачкы 5 жолугушуу кыргызча, калганы орусча өткөрүлөт.
Сунуш, пикирлер кабыл алынат. Чай үстүндө маектешкиңиз келген журналисттер болсо сунуштаңыз.

“Сыябан” долбооруна белгилүү жарандык активисттер, саясатчылар, коомдук жана маданий ишмерлер атайын чакырылат.

Катышууну каалагандар алдын ала жазылуусу шарт. Орундар чектелүү.

“Сыябандын” алгачкы коногу белгилүү журналист Султан Жмагулов. Жолугушуу 2-майда, саат 18:00дө, “Бишкек Парктын” 4-кабатында болот.

Сурап-билүү телефондору: 0550 522 116 (Азамат Тынаев) жана 0550 539 555 (Уланбек Эгизбаев).

,

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *