Журналисттик ишмердүүлүктүн юридикалык негиздери

КР мыйзамдарынан үзүндүлөр

Бишкек шаары 2007-жылдын 23-октябры N 157 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө

14-берене

Ар бир адам төмөндөгүлөргө укуктуу:

  • мамлекеттик бийлик органдарындагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, мекемелердеги жана уюмдардагы өзү жөнүндөгү мамлекеттик сыр болуп эсептелбеген маалыматтар же мыйзам менен корголуучу башка жашыруун билдирмелер менен таанышууга;
  • мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына кайрылууга;
  • маалыматты эркин жыйноого, сактоого, пайдаланууга жана аны оозеки, жазуу жүзүндө же башка жол менен жайылтууга;
  • Ар бир адам ой жүгүртүү, сөз жана басмасөз эркиндигине, ошондой эле ошол ойлору менен ынанымдарын тоскоолдуксуз билдирүүгө укуктуу.

Эч ким өзүнүн ой-пикирин жана ынанымын билдирүүгө мажбурланышы мүмкүн эмес.

Бишкек шаары 1992-жылдын 2-июлу

N 938-XII КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Массалык маалымат каражаттары жөнүндө

18-статья. Маалыматтар жарыяланбай турган учурлар

Массалык маалымат каражатынын органы;- сот талап кылгандан башка учурларда маалыматтарды өз атын атабоо шарты менен берген адамды атоого; – алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун кат жүзүндөгү уруксаты болмоюнча алгачкы текшерүүнүн, алдын-ала жана соттук тергөөнүн маалыматтарын жарыялоого; – анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу болмоюнча жашы жетпеген укук бузуучуга тиешелүү ар кандай маалыматтарды ачыкка чыгарууга укуксуз.

19-статья. Журналист коомдун турмушунда болуп жаткан окуялар жөнүндө кабарларды чогултуп, массалык маалымат каражаттары үчүн материалдарды түзүп, редакциялап жана даярдоочу адам ушул Мыйзамга ылайык журналист болуп эсептелет. Журналист жогоруда аталган жумуштарды өз алдынча же редакциянын штаттык кызматкери болуу менен иштөөгө укуктуу.

20-статья. Журналисттин укуктары жана милдеттери

Журналист:

– кабарларды чогултууга жана таркатууга; – кесипчил журналисттик милдеттерин аткарууга байланыштуу кызмат адамы тарабынан кабыл алынууга; – кабарлоочунун макулдугу менен маалыматтарды жазууга, анын ичинде зарыл техникалык каражаттар менен жазып алууга; – журналисттик күбөлүгүн көрсөтүү менен табигый кырсыктар болуп өткөн жерлерде болууга, митингдерге, демонстрацияларга катышууга; – келип түшкөн материалдарга байланыштуу фактыларды жана жагдайларды текшерүүдө адистерге кайрылууга; – өзүнүн ынанымына карама-каршы келген материалды түзүүдөн жана кол коюудан баш тартууга; – редакциялык даярдоонун жүрүшүндө өз пикири боюнча мааниси бурмаланды деп эсептеген материалга кол койбоого; – эгерде ал мыйзамды бузуу менен байланыштуу болсо, редактор тарабынан берилген тапшырмадан баш тартууга; – автордук сырды сактоого; – журналист берген автордук материалды өз эркинче бурмалоо менен редактор тарабынан келтирилген моралдык жана материалдык зыяндардын ордун сот тартибинде толтуруп алууга укуктуу.

– маалымат берген адамдардын авторду көрсөтүү жөнүндө өтүнүчтөрүнө канааттандырууга милдеттүү.

23-статья. Калкка жайылтууга жатпаган маалыматтардын тизмеси Массалык маалымат каражаттарында:

а) мамлекеттик жана коммерциялык сырды ачууга;

б) учурдагы конституциялык түзүлүштү күч менен кулатууга жана бузууга, Кыргыз Республикасынын жана башка кандай гана болбосун мамлекеттин суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырык жасоого;

в) согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насаттоого; г) элдердин граждандык ар-намысын мазактоого;

д) динге ишенгендердин жана дин кызматкерлеринин диний сезимдерин мазактоого;

е) порнографияны таркатууга;

ж) уят деп эсептелген сөздөрдү колдонууга;

з) граждандык жана улуттук этиканын нормаларын бузуп, мамлекеттик символиканын атрибуттарын (герб, желек, гимн) мазактаган материалдарды таратууга;

и) инсандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүгө;

к) жалган маалыматты атайылап калкка жарыялоого жол берилбейт.

26-статья. Чындыкка ылайык келбеген маалыматтарды таркаткандык үчүн жоопкерчиликтен бошотулуучу учурлар Массалык маалымат каражаттары чындыкка ылайык келбеген маалыматтарды массалык маалымат каражаттарында таркаткандыгы үчүн төмөнкүдөй учурларда жоопкерчилик тартышпайт;

а) эгерде мындай маалыматтар официалдуу документтерде жана билдирүүлөрдө баяндалса:

б) эгерде алар маалымат агентстволорунан же мамлекеттик жана коомдук органдардын басма сөз кызматтарынан алынса;

в) эгерде алар эл алдынча чыгып сүйлөөлөрдү сөзмө-сөз кайталаса;

г) эгерде алар алдын-ала жазуусуз обого чыгуучу автордук сөздөрдө болсо

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 1997-жылдын 5-декабры

Кангелди Ибраимкулов

, ,

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *