Устат-шакирт сабак-таалим системасынын 2-сессиясынын алгачкы жыйыны өткөрүлдү

Бүгүн, 15-январда “Кабар” маалымат агенттигинде устат-шакирт сабак-таалим системасынын 2-сессиясынын алгачкы жыйыны өткөрүлдү. Жыйынга сессияга тандап алынган устаттар, шакирттер жана долбоордун өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев долбоор тууралуу кенен маалымат берип, шакирттердин милдеттери менен тааныштырды.

Кыргыз журналистикасына зор салымын кошуп келген, көптөгөн журналиттерге устат Байма Сутенова, Кубанычбек Таабалдиев, Бакыт Орунбеков, Айнура Кабатай кызы, Айнагүл Мукамбетова окутуу жөнүндө позитивдүү ойлору менен бөлүшүп, жаш журналисттерге ар дайым колдоо көрсөтө тургандарын билдиришти.

Эскерте кетсек, 2014-жылдын декабрь айында фейсбук социалдык баракчасындагы жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизинде кыргыз журналистикасындагы кадыр-барктуу, тажрыйбалуу журналисттер кезектеги 3 айлык сессияга устатыкка көрсөтүлгөн.

Бул 3 айлык сессияда төмөнкү устаттар шакирттерге сабак беришет.

  1. Айнагүл Мукамбетова
  2. Айнура Кабатай кызы
  3. Жанар Акаев
  4. Байма Сутенова
  5. Бакыт Орунбеков
  6. Кубанычбек Таабалдиев
  7. Али Токтакунов

Аталган устаттардан төмөндөгү жаш журналисттер сабак алмакчы.

  1. Касиет Кубанычбек кызы
  2. Медина Таалайбек кызы
  3. Назгүл Дөөлөткелдиева
  4. Сезим Токтобек кызы
  5. Бакыт Төрөгелди уулу
  6. Мирбек Сакенов
  7. Айдай Амангелди кызы

Долбоор тууралуу белгилей кетсек, “Устат-шакирт” тарбия-таалим жана билим алуу системасынын жыйынтыктары  натыйжалуу болушу үчүн 2 тарап төмөнкү милдеттерди аткарууга макулдугун билдиришти.

Алгач  “Журналисттер” коомдук бирикмесинин милдеттеринен баштасак, бирикменин өкүлдөрү шакирттин иш алып баруусуна көмөктөшөт. Ошондой эле, сессиянын жыйынтыгында Кыргызстандагы эң алдыңкы ЖМКларга шакирттердин ишке орношуусуна расмий сунуштарды берет.

Ал эми шакирттер болсо 3 айлык окутууда төмөндөгүдөй милдеттерди аткарат.

Устат менен такай негизде байланышты кармап  – жумасына кеминде 1 жолу бетме-бет жолугушуп турат. Устаттын тапшырмасы боюнча же жардамы менен айына кеминде 2 материалды даярдап,  аларды “Устат-Шакирттин” уюштуруучуларына жөнөтүп турат. Ошондой эле, http://journalist.kg порталында же башка веб-порталдарда блог ачып, ага такай негизде жазып өзүн-өзү өнүктүрөт. Программанын алкагында айына 1 жолу уюштурулуп турган лекцияларга жана устаттар менен жолугушууларга сөзсүз катышууга милдеттүү.

2015-жылдын январь айында башталган кезектеги сессия март айынын соңунда жыйынтыкталат. Ал эми кийинки сессияларга кайрадан жаңы устаттар жана шакирттер долбоорго тандап алынмакчы.

Белгилей кетсек, буга чейинки сессияда устат катары иш алып барган Кубанычбек Таабалдиев жана Бакыт Орунбеков бул сессияга  көпчүлүк добуш менен кайрадан тандап алынды. Алар жаш журналисттер менен тажрыйбасы менен бөлүшүүгө ар дайым даяр болгондуктан долбоорго катышууга өз макулдуктарын беришкен.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *