Ш.Майчиев: “ЖМКлардын материалдары товар катары каралганда гана сапаттуу макалалар жаралат”

7234

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын материалдары коом тарабынан товар катары каралганда гана сапаттуу макалалар жаралат. Бара-бара сапаттуу макаларга суроо-талап көбөйөт. Бул тууралуу ЖМКлар үстүнөн даттанууларды кароо комиссиясынын төрагасы Шамарал Майчиев билдирди.

 

Анын айтымында, учурда журналисттер арасында сапаттуу макала жазууга умтулгандар өтө аз.

“Азыр өлкөдө маалыматтардын 3 түрү бар. Бизнестик, коммерциялык жана саясий багытта ачылган ММКлар бар. Коммерциялык негизде иштеген ЖМКнын жетекчилери журналисттерге заказ материалдарын жазууга жол берет. Ал эми саясий аренадагы кайсы бир жетекчинин ЖМКсы саясатчылардын кызыкчылыгын көздөйт. Бизнестик багыттагы жетекчилер болсо коомдун кызыкчылыгына, суроо-талапка жооп берет”,-дейт Ш.Майчиев.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *