27-ноябрда «Көп түрдүүлүк аркылуу Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө карай» аттуу конференция өтөт

27-ноябрда  Бишкекте «Достук» мейманканасынын конференц-залында «Көп түрдүүлүк аркылуу Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө карай» аттуу  конференция өтөт. Бул тууралуу аталган конференциянын уюштуруучулары билдиришти.

Иш-чара «Сорос – Кыргызстан» фондунун «Маалымат эркиндиги» программасынын финансылык колдоосунда «ЖМК аркылуу көп түрдүүлүктү жайылтуу долбоорунун алкагындагы «Арачылар элдештирүүчү тармагы» коомдук фондунун Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектеби тарабынын уюштурулууда.

Конференцияга КР Президентинин маалымат саясаты боюнча кеңешчиси Фарид Ниязов, КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этникалар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин  директору Накен Касиев, КР транспорт жана коммуникация министринин орун басары Эрнис Мамырканов, Грузиянын Коомдук биринчи каналынын улуттук азчылык үчүн программасынын редакциясынын жетекчиси Зураб Двали, ЖМКнын жетекчилери, окумуштуу-лингвисттер, мамлекеттик тилди үйрөнүү усулдарын иштеп чыгуучулар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн келүүсү күтүлөт.

Жалпы сессиялар мамлекетте көп түрдүүлүктүн контекстиндеги туруктуу өнүгүүсүнүн, мамлекеттин катышуусунун, жарандык өзүн таануусунун калыптануусундагы ЖМК жана жарандык коомдун ордун, мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролдун, чет мамлекеттин тажрыйбасын кабыл алуунун  маселелери каралат. Төрт параллелдик сессияда 7 мастер-класс өткөрүлөт, угуучулар андагы кыргыз тилин үйрөнүүнүн усулдарында жана технологияларында өзүнүн компетенциясын жогорулатып, көп тилдүү контентти түзүү каражаттарын өздөштүрүп, ЖМКда, Интернетте, кино жана искусстводо көп түрдүүлүктү жайылтууну үйрөнүп алса болот.

,

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *