Басма сөз күнүнө карата сынак жарыяланат

“Журналисттер” коомдук бирикмеси жана “Жаш журналисттер” кыймылы 7-ноябрь – басма сөз күнүнө карата Кыргызстандык журналисттер жана мамлекеттик мекемелердин басма сөз кызматтары арасында сынак жарыялайт!

“Эң мыкты кабарчы” сынагы

Журналисттер арасында “Эң мыкты кабарчы” сынагында жеңүүчүлөр телеберүү, радио, гезит-журнал жана интернет-басылма тармагы боюнча өз-өзүнчө аныкталат.

Сынактын шарттары:

Бул сынакка Кыргызстандагы ар бир редакциялык жамаат катыша алат. Ар бир редакция өз ичинен жаңылык материалдарын даярдаган “Эң мыкты кабарчы” наамына татыктуу талапкерди сунушташы керек. Бир редакциядан бир гана талапкер сунушталат. Эгер бир ЖМКда же интернет-басылмада тилине жараша (мисалы, кыргызча жана орусча) 2 редакция болсо, анда 2 талапкер сунуштаса болот. Талапкер өзү тууралуу маалыматтар (аты жөнү, иштеген ЖМК же интернет-басылмасы, байланыш маалыматтары) менен кошо акыркы бир жылда жазган (даярдаган) мыкты делген 3 материалын (жаңылык, жаңылыктык аналитика) уюштуруучуларга жөнөтүүгө тийиш. ЖМКлардын түрүнө жараша бул материалдарды жөнөтүү жолдору:

– теле-радио материалдар видео же файл хостингине (youtube же namba) жүктөлүп, аларга шилтемелер жана материалдар тууралуу маалыматтар (материалдын эфирге чыккан мөөнөтү, темасы, узактыгы) уюштуруучулардын электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек;

– гезит-журналдарда жарык көргөн материалдардын сканерленген түрү, материалдардын жарыяланган мөөнөтү, темасы тууралуу маалыматтар электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт;

– интернет-сайттарда жарыяланган материалдарга шилтемелер жөнөтүлүшү керек.

Кандай материалдарга артыкчылык берилет?

Бейтараптуу, эл аралык стандарттар сакталган, тандалган темасы өзгөчө, чагылдыруу чеберчилиги жогору.

Жеңүүчүнү кимдер аныктайт?

Ар редакциядан келген талапкерлердин ичинен жеңүүчүлөрдү калыстар тобу аныктайт. Буга удаа редакциялык жамааттын тандоосунан өткөн талапкерлер интернет добуш берүүгө коюлат. Ошентип калыстар тобу жеңүүчүлөрдү аныктоодо интернет добуш берүүнүн жыйынтыгын да эске алат.

“Эң мыкты басма сөз кызматы” сынагы

Бул сынак мамлекеттик мекемелердин басма сөз кызматтары арасында өтөт. Тактап айтканда тандоо президенттин басма сөз кызматынан губернатордун басма сөз кызматына чейинки мамлекеттик органдар арасында жүрөт. Мында ар бир редакциялык жамаат өз тандоосу менен эң мыкты делген 3 басма сөз кызматтын тизмесин калыстар тобуна жөнөтөт. Калыстар тобу сунушталган талапкерлердин ичинен эң көп добуш топтогон 3 жеңүүчүнү аныктайт.

Тандоо критерийлери:

Журналисттерге болгон мамилеси, Маалыматка ачыктыгы, Кызматкерлердин ыкчамдыгы,

Сыйлыктар:

Сынактын жеңүүчүлөрүнө тийиштүү күбөлүк кагаздар жана белектер тапшырылат. Сынактын жыйынтыгы 7-ноябрь басма сөз күнүнө чыгарылат.

Ар бир редакциядан сунуштар атайын анкета түрүндө берилет. Анын формасын бул жерден жүктөп алса болот.

Сунуштар жана материалдар жөнөтүлө турган электрондук почта:journalist.kg@gmail.com

Анкеталар кабыл алына турган акыркы мөөнөт: 27-октябрь, саат 12:00

Байланыш үчүн телефондор: 0772 551 083 Марат Токоев, 0550 539 555 Уланбек Эгизбаев, 0772 666841 Жакшылык Бердибек уулу.

,

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *