Шакирттерди тандоо башталды

Урматтуу достор, учурда Устат-Шакирт сабак-таалим системасына шакирттерди тандоо башталды. Фейсбук социалдык тармагында жүргүзүлгөн устаттарды тандоо сурамжылоосунун жыйынтыгы боюнча көпчүлүк добуш менен аталган устаттар тандап алынды:

  1. Марс Тулегенов,
  2. Кубанычбек Таабалдиев,
  3. Жыргалбек Касаболотов,
  4. Эсенбай Нурушев,
  5. Султан Жумагулов,
  6. Түгөлбай Казаков,
  7. Бакыт Орунбеков.

Жалпысынан сурамжылоодо фейсбук колдонуучулары тарабынан медиа тармагындагы 27 кесипкөй адис сунушталган.

Эгерде сиз аты аталган мугалимдерден сабак алып, кыргыз журналистикасында кесипкөй адис болууну кааласаңыз шакирттердин катарына кирүүгө шашылыныз. Учурда каалоочуларды жазуу процесси болуп жатат. Жазылуу 15-октябрга чейин улантылат.

Резюмени jashkgjournalist@gmail.com почтасына жибериңиздер.

Эскертүү: резюмеге кошумча жогоруда аталган агайлардын ичинен устат катары бирөөсүн тандап жөнөтүңүз. Бардык суроолор менен бул Фейсбук аккаунтка жеке билдирүү аркылуу кайрылсаңыздар болот.

,

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *