“Көктөм” журналы тууралуу

koktom

Журналистикада жаңыдан кадам жасап жаткандарга алгачкы эмгектеринин ЖМКда жарыяланышы чоң кубаныч да, бул кесиптеги чеберчилигин дагы да арттырууга чоң өбөлгө да болот. Бирок мындай мүмкүнчүлүк дайым эле боло бербейт.

Аны менен катар Жаш журналисттер уюштуруп жаткан “Устат-шакирт” системасынын алкагында Устаттарынын көзөмөл алдында Шакирт-жаш журналисттердин кандай эмгектери пайда болуп, кандай өсүштөр болуп жатканы да кызыгууну жаратат. Ал эмгектер менен таанышуу мүмкүнчүлүгү болсо экен деген тилектер бар.

Аталган нерселерди эске алуу менен атайын “Көктөм” журналы ачылды. Анда азыр эле белгиленгендей, журналистикада жаңыдан кадам жасап жаткан жаштардын жана “Устат-шакирт” таалим-тарбия системасынын алкагында жаш журналисттер тараптан даярдалган материалдар жарыяланып турат.

Алгачкылардан болуп, Ысык-Көл облусунун алыскы Токтоян айылында ЮНЕСКОнун жардамы менен ачылып иштеп жаткан Мультимедиялык борбордун мектеп жашындагы жарандык журналисттеринин 3 макаласы жарыяланды. Кирип, окуп, пикириңерди билдиргиле.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *