Система тууралуу

Учурда кыргыз тилиндеги журналистиканын дарегине көп сын пикирлер айтылууда. Кыргыз журналистикасынын сапатын жогорулатуу боюнча көп аракеттер жасалып келе жатканы менен абал эч бир оңолбогондой. Балким, өзгөрүүлөр бардыр, бирок ал өтө эле жай болууда.

Ушуга байланыштуу өнөр адамдарына тиешелүү жакшы кыргыз салтын – “Устат – шакирт” окутуп-тарбиялоо системасын журналисттер арасында да колдонуу демилгеси жаралды.

Тажрыйбалуу журналист жаш журналисттердин бирөөсүн шакирт кылып, аны менен кайсы бир мөөнөт аралыгында (2-3 ай) тыгыз байланышта болуп, ага кеп-кеңештерин айтып, өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, аны журналист катары чыйралтса, такшалтса деген тилек бар. Бул ыкма менен кыска убакыттын аралыгында бир топ жаш журналисттерди тарбиялап, окутуп алалабыз.

Устат катары көргүсү келген тажрыйбалуу журналисттерди жаш журналисттер өзүлөрү аныкташат. Устаттардын макулдугун алган соң, ар-бир устатка шакирттер бекитилет. Атайы жыйында устаттар менен шакирттер бири-бири менен таанышып, чогуу иштеше башташат.

Устат менен шакирттин алака-мамилелери жөнөкөй эрежелердин негизинде жүргүзүлөт:

1. Устат менен шакирт иштешүүнүн жолдорун, шарттарын, ыкмаларын өзүлөрү аныкташат. Бир гана алар жумасына жок дегенде 1 жолу же жолугуп же байланышып туруулары зарыл;

2. Устат Шакирт үчүн матералдарды даярдабайт;

3. Устат же Шакирт кайсы бир себептен мындан ары чогуу иштешүүгө болбойт деген пикирге келишсе ар бири каалаган убакта чогуу иштешүүнү токтотото алышат. Андай болгон учурда уюштуруучуларды кабардар кылышы зарыл;

4. Чогуу иштеши процесси 2-3 айды түзөт.

Бул системанын алкагыда жаш журналисттердын жалпы билим деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүү максатында кайсы бир тема боюнча лекцияларды уюштуруп туруу каралган. Ал темалар жаш журналисттер арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизинде аныкталып турмакчы. Алар тууралуу маалыматты бул жерден алаласызадр.

«Устат-шакирт» системасы натыйжалуу болушу үчүн ага катышкан ар-бир тараптын милдеттери каралган:

Уюштуручулардыкы (“Журналисттер” КБныкы)

  1. Шакирттердин иш алып баруусуна көмөктөшүү:
    1. керектүү жабдыктарды табууга жардам;
    2. маалыматка жетүүгө көмөк (расмий билдирме кат);
  2. Шакирттердин ишке орношуусуна көмөктөшүү:
    1. мүнөздөмө берүү;
    2. ЖМКлардын башкы редакторлоруна сунуштоо;

Устаттардыкы

  1. Шакирт менен такай негизде байланышты кармап туруу – жумасына кеминде 1 жолу бетме-бет жолугушуп туруу;
  2. Ай сайын бир жолу өтүүчү устаттар менен шакирттердин жолугушуусуна катышып туруу;
  3. Шакирттерге материалдарды даярдоого тапшырма берүү менен алган билимдерин бекемдөөгө басым кылуу. Шакирт Устаттын жардамы, кеп-кеңеши менен айына 2ден кем эмес журналисттик материал даярдашы керек;
  4. Устаттын тапшырмасы же жардамы менен даярдалган шакирттердин материалдарын программанын уюштуруучуларына жиберип туруу;
  5. Сессиянын аяганда шакиртине кагаз түрүндө мүнөздөмө берүү;

Шакирттердики

  1. Устат менен такай негизде байланышты кармап туруу – жумасына кеминде 1 жолу бетме-бет жолугушуп туруу;
  2. Устаттын эс алуу убактысын урматтап, аны кечинде жана дем алыш күндөрү тынчсыздандырбаганга аракет кылуу;
  3. Устаттын тапшырмасы боюнча же жардамы менен айына кеминде 2 материалды даярдап туруу жана аларды программанын уюштуруучуларына жөнөтүп туруу;
  4. http://journalist.kg порталында же башка веб-порталдарда блог ачып, ага такай негизде жазып туруу;
  5. Программанын алкагында айына 1 жолу уюштурулуп турган лекцияларга жана устаттар менен жолугушууларга сөзсүз катышуу;
  6. “Устат-Шакирт” системасынын алкагындагы окутууга таасир берген жагдайлар тууралуу уюштуруучуларды сөзсүз кабардар кылуу;
  7. Аталган милдеттемелерди аткарбаган же устаттан начар мүнөздөмө алган шакирт кезектеги бир программага катышуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылат;

“Устат-шакирт” системасынын алгачкы сессиясын өзүбүз эч бир каржылык жардамсыз уюштурдук элек. Бирок иш-тажрыйба көрсөткөндөй бул система натыйжалуурак иштеши үчүн айрым каржылык чыгымдар керек болот экен. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы Демократиялык комиссия системанын иш алып баруусун бир жылга (2014-жылдын 1-сентябрынан келерки жылдын сентябрына чейин) колдоп берүүгө макул болду.

 

Долбоор тууралуу пикирлер

Марс Тулегенов, устат

Бул абдан маанилүү иш, маанилүү долбоор. Бул нерсе, өзгөчө журналистика чөйрөсүндө абдан керектүү кадам. Анткени, жаш муундагы журналисттерди даярдоодо, бул иш аракет, алардын келечекке болгон көз карашын аныктап, багытын тандоого далалат болмокчу.

 

Байма Сутенова, устат

Бул долбоордун жардамы менен журналистика тармагында кесипкөй адис болууга умтулган шакирттер менен тыгыз иштешүүгө шарт түзүлдү.

Аларды телевидениеге аралаштырып, сюжеттерди жасоонун жолдорун көргөзүп, команда менен иштөөгө аралаштырдым. Устат-Шакирт системасы туруктуу иштешкенге, аларга атайын милдеттүү түрдө убакыт бөлүүгө мүмкүнчүлүк берет экен.

 

Бакыт Орунбеков, устат

Жалпысынан алганда, долбоор конкреттүү адам менен атайын максатты көздөп, аны ишке ашырууга чоң мүмкүнчүлүк түзө алды.

 

Касиет Жолдошбекова, шакирт

Бул долбоор келечекте “Журналист” болом деген, студенттерге кесипкөйлүгүн арттыруу үчүн мыкты аянтча экенине дагы бир жолу ынандым. Устаттарыбыздан алган таалим-тарбиябызды бекемдөө максатында долбоордун алкагында кызыктуу талкууларды жараткан мастер-класстар да болуп жатты…

Баарыбызга белгилүү болгондой эле окууну аяктаган соң мындай долбоорлорго катышууга убакыт да каалообуз да мурункудай болбой калат. Андыктан журналистикага кызыккан студенттерге “Устат-Шакирт” долбоору мыкты мүмкүнчүлүк.

 

Таңчолпон Бактыбек кызы, шакирт

Мурда практикага же жумушка кирүү үчүн резюмемди гана жиберсем, долбоордон кийин макалаларымды жиберип, устатым ким экенин айтсам эле жетиштүү болуп калды. Бунун негизинде “Саресеп” гезитине жумушка орноштум.

 

Мээрим Мелисбек кызы, шакирт

Аты айтып тургандай эле, бизге окшогон жаш журналистикага кызыгып, көп нерсени билүүгө далалаттанып, бирок кимге, кантип кайрылууну билбей жүргөн жаштарга эң жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берээрине күбө болдум.

 

Майсалбек Курбаналиев, шакирт

Жумушсуз калган журналисттердин кээ бири макаланы мыкты жазат, дикциясы жакшы. Жалпылапайтканда ал адамда журналистке тиешелүү баардыкс апаттар бар. Бирок ал жумушсуз. Эмнеге? Ал өзүн көрсөтө алчу долбоорлор жок болгон.

Ал эми сиздердин долбооруңуздар бизге окшогон жаш, дымактуу журналисттергемыктышарт түзүп берүүдө. Ушул убакка чейин 21 шакиртти даярдап, өз уяңыздардан учурдуңуздар. Алардын ичинен ушул долбоор ар кылуу жумушка да орношкондор бар.

Бир эле учурда биз, сыналгыдан гана көрүп, радиодон гана угуп жүргөн агай-эжелерибиз менен бет маңдай отуруп баарлашып гана тим болбостон аларга мына минтип шакирт да болуп калдык.

 

Перизат Джаныбекова, шакирт

Өзгөчө журналисттик кесипти аркалаган жаш муундарга устаттардын жол чырак болуп, жол көрсөтүүсү кыргыз журналистикасын курчутат. Андыктан ушундай уникалдуу мүмкүнчүлүк түзгөн “Устат-шакирт” долбоорунун уюштуруучуларына ыраазычылык.

 

Асел Моконова, шакирт

Бул долбоорго катышканга чейин өзүмө ишенбей, ушул кесипти аркалап кете аламбы деп коркуп жүрсөм, бул проект мага ишеним берип, коркуумду жеңүүгө жардамчы болду десем ашыкча болбос. Ар бир өткөзулгөн масстер класс, биздин жаңы салып жаткан журналисттик чыйыр жолубузда пайдасы көп экени талашсыз.

 

Жумагүл Садирова, шакирт

Бул долбоор эң мыкты башталгыч деп ойлойм. Анткени, жаңыдан иш жолун баштаган шакирттерге туура багыт көрсөтүп, тажрыйбалары менен бөлүшкөн устаттар албетте керек деп ойлойм. Журналистика жоопкерчиликтүү кесиптердин бири, ал коомдук пикир жаратат. Жаштарга улуу муундун тажрыйбасы, акыл-кеңештери сөзсүз керек.

 

Бакыт Төрөгелди уулу, шакирт

Кыргызда «Устат Шакирт» деген түшүнүк көп убактан бери бар экени белгилүү. Буга чейин бул түшүнүктү төкмө акындарга же Манасчыларга гана таандык деген ой бизде жашап келген. Бирок, журналистика тармагында мындай ыкманы колдонуу бир топ жаш журналистердин өсүп, професианалдуулукка умтулуусуна шарт түзөөрүнө көпчүлүк ынанды. Дегеним мен алгач «Устат Шакирт» долбооруна келгиче кыргыз журналистикасынын каймактарын мурда теледен көрүп, радиодон үнүн угуп, гезит журналдардан макалаларын окуп келсем бул долбоордун алкагында алар менен бирге отуруп алардын пикирин угуп, сабак алууга шарт түзүлдү. Мындай жолугушуулар бир нече ирет болуп менин журналистик кесипке болгон кызыгуумду дагы да арттырды. Θзүмө болгон ишеничти күчөттү.

 

Сезим Токтобек кызы, шакирт

Негизи улуу муун менен жаштардын арасында дайыма келишпестиктер (проблема “отцов и детей”) болот эмеспи, убакыт өзгөргөн сайын билим менен техника өнүгүп ого бетер ортодогу жакындык ажырайт. Ал эми улуулардын басып өткөн жолу – көөнөргүс кенч. Бул долбоор ошол жакындыкты сактап калууга чоң мүмкүнчүлүк, анткени тажрыйбалуу устаттардан алган билимибизди жана тажрыйбабызды өз алдынча таба алууга жаш кезибизде мүмкүнчүлүгүбүз жетпейт.

 

Бурулча Тумашова (Советбек кызы), шакирт

Бул долбоорго катышкандан баштап ар бир ишке жоопкерчилик менен мамиле кылууга үйрөндүм. Устатымдын, координатордун айткандарынын системалуу экендигин байкап өзүмө койгон максаттарды ишке ашырууну көздөп баштадым.

 

Касиет Кубанычбекова, шакирт

Долбоордун системасы мага абдан жакты. Буга чейин сыртынан гана таанып жүргөн кесипкөй журналисттер менен тыгыз иштешип, алардан кеп-кеңеш, багыт алууга шарт түзүлдү.

 

Айдай Амангелди кызы, шакирт

Долбоор мыкты. Мен журналистика тармагына көптөн бери эле аралашып жүрөм. Ал эми проекттин алкагында Азаттык радиосуна материал даярдап, өз алдынча сюжет жасап, кесипкөй журналисттер менен бирге иштедим. Лекцияларга катышып көп пайдалуу маалыматтарды алдым. Устат-Шакирт системасы эн эле жөнөкөй атмосфера, мыкты идея, жылуулук тартуулаган долбоор болду.

 

Мирбек Сакенов, шакирт

Студент кезимде айрым маалымат каражаттарында жөн гана практика кылып бирок ишке орношо албай жүргөм. Долбоордон кийин өзүмдү ишенимдүү алып жүрө баштадым. Эмгектеримди көргөзүп жатып, учурда Биринчи радиодо жанылыктар бөлүмүндө иштеп баштадым. Буга долбоордун дагы салымы бар деп ойлойм.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *