“Азаттыктын” кабарчылары сот адилеттигин чагылдырган сынакта жеңүүчү болушту

12642688_977129492367845_4388896851783528109_n“Журналисттер” коомдук бирикмеси жана БУУнун Өнүктүрүү программасы биргелешип уюштурган сынакта “Азаттыктын” кабарчылары жеңүүчү болду. Сот адилеттигине жетүү маселесин чагылдырган материалдар сынагында “Телеканалга жарыяланган мыкты материал” номинациясы боюнча “Азаттыктын” кабарчысы Адилет Бектурсунов биринчи орунду алды. Ал эми Улан Эгизбаев радионун интернет-сайтына жарыяланган макалалар топтому үчүн экинчи орунга татыды. Сабыр Абдымомунов калыстардын кызыктыруучу сыйлыгына ээ болду. Сынакка жалпысынан 42 медиа мекемеден, 180ден ашуун макала келип түшкөн.

Жеңүүчүлөрдү куттуктоо аземи бүгүн, Г.Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде өттү. (КЕ)

 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *