Устат-Шакирт сабак-таалим системасынын 5-сессиясына шакирттерди тандоо башталды

Устат-Шакирт сабак-таалим системасынын 5-сессиясына шакирттерди тандоо башталды. Фейсбук социалдык тармагында жүргүзүлгөн устаттарды тандоо сурамжылоосунун жыйынтыгы боюнча көпчүлүк добуш менен аталган устаттар тандап алынды:

Кубанычбек Таабалдиев

Бакыт Орунбеков

Байма Сутенова

Айнура Кабатай кызы

Толкунбек Турдубаев

Эгерде аты аталган мугалимдерден сабак алып, кыргыз журналистикасында кесипкөй адис болууну кааласаңыз шакирттердин катарына кирүүгө шашылыныз. Буга чейин шакирт болуп билим алган журналисттерибиздин көпчүлүгү кыска убакыттын ичинде өздөрү каалаган тармактарда иштегенге тажрыйба жана мүмкүнчүлүктөр ачылды. Бул проекттин пайдалуулугун баамдап, устаттар акысыз сабак берүүгө макулдуктарын билдиришти. Буга чейин талыкпай эмгектенип, тажрыйбасы менен бөлүшкөн жогорудагы устаттарыбызга ыраазычылык билдирип, таазим кылабыз.

Кастингге катышууну каалагандар резюмени jashkgjournalist@gmail.com почтасына жибериңиздер. Резюмеге толук маалыматынызды жазып, ошол эле тиркемеге кайсы устатты тандаганыңызды, эмне үчүн ал устаттан сабак алгыңыз келгендигин белгилеп жазууңар керек.

Кастинг 1-ноябрга чейин улантылат. Резюмеден өткөн катышуучуларды жолугушууга чакырабыз.

Сурап билүү үчүн “Устат-Шакирт” долбоорунун координатору Рахат Саламатовага кайрылыңыздар.

Байланыш телефону: 0552 17 23 45

,

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *