Жаш журналисттер үчүн Султан Жумагуловдон мастер-класс

1382069497_sultan“Журналисттер” коомдук бирикмеси жана “Жаш журналисттер” кыймылы журналисттердин чеберчилигин арттырууга багытталган мастер-класстарын улантат. Бул жолу журналистика тармагында эмгек сиңирген журналист, “Устат-Шакирт” долбоорунда устат Султан Жумагулов «ЖМК жана патриотизм» тууралуу айтып берет. Ошондой эле, лекциянын соңунда жаш журналисттер үчүн эркин суроо-жооп болмокчу.

 

Мастер-класс 23-июлда саат 17:00дө “Кабар” улуттук агенттигинин пресс-залында өтөт.

Дареги: Абдрахманов көчөсү 175 (мурдагы Советский) Чүй проспекти менен кесилишет.

Лекцияга катталуу үчүн байланыш телефону: 0552 17 23 45 “Устат-Шакирт” долбоорунун координатору Рахат Саламатова

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *