“Дженерик дарылар. Сапаттуу дарыларды кантип аныкташ керек?” аталышында мастер-класс болуп өттү

21-майда “Кабар” агенттигинин пресс-залында “Журналисттер” коомдук бирикмеси жана “Жаш журналисттер” кыймылы уюштурган журналисттердин чеберчилигин арттырууга багытталган “Дженерик дарылар. Сапаттуу дарыларды кантип аныкташ керек. Дарылар менен өлкөнү камсыздоо” аталышында мастер-класс болуп өттү.

Аталган лекцияда КРнын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек боюнча маалымат борборунун жетекчиси Замир Акаев маалымат берип, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Замир Акаев өлкөдөгү дарылар жана учурдагы абалы тууралуу айтып бир катар маселелерге токтолду. Анын айтымында,  дарынын сапатын бир гана анын баасы чечпеши керек. Айрым жарандар арзан баадагы дарылардан баш тартып, кымбат дарыларды сапаттуу деп эсептейт. Замандаштарды дары-дармектерди дарыканадан гана алууга үгүттөйт. Көчөлөрдө, базарларда сатылган дарылардын сапаты медициналык талаптарга жооп бербей тургандыгын эскертет.

Ал маалымдагандай, учурда жарандардын көпчүлүгү био-кошумчаларды дары катары колдонушат. Бирок ал заттардын чындыгында адамдын организмине дарылай турган негизги компонент болбогондугун айтат. Андай кошумчалар жөн гана убактылуу иммунитетти көтөрүүгө жардам берет. Бирок дарттын негизги себебин, өзөгүн жок кылбайт.

Өлкөдө дары-дармек боюнча тармактык маркетинг акыркы күндөрү активдүү болууда. Көпчүлүк бул сыяктуу компанияларга кардар болуп гана кирбестен акча табуунун жолу катары иш алып барууда. Кымбат баадагы чет өлкөдөн алып келинген айрым белгилүү компаниялардын дарылары бир гана коммерциялык максатты көздөйт. Иш жүзүнө келгенде кымбат дарылар дартты айыктырбай эле, убактылуу алданууга жол берет. Ошондуктан адистер ар бир алган дарыларга кылдаттык менен мамиле кылып, текшерип, дарыгерден маалымат алып чыныгы дартты дарылай турган заттарды колдонууга чакырат.

 Фото3346 Фото3320 Фото3322 Фото3324 Фото3330 Фото3333 Фото3337 Фото3342

 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *