Журналисттер үчүн кызыктуу жана пайдалуу мастер-класс!
“Жаш журналисттер” кыймылы журналисттердин чеберчилигин арттырууга багытталган мастер-класстарын улантат. Бул жолу “Азаттыктын” мурдагы теле алып баруучусу, президенттин маалымат катчысы Жанар Акаев журналисттердин суроолоруна жооп берет. Ал видеорепортаждарды кантип кызыктуу жасаш керектигин жана журналисттик этика тууралуу өз тажрыйбасына таянып айтып берет.
Мастер-класс 14-мартта саат 14:00дө “Кабар” улуттук агенттигинин пресс-залында өтөт.
Дареги: Абдрахманов көчөсү 175 (мурдагы Советский) Чүй проспекти менен кесилишет.
Байланышуу үчүн телефондор: 0550 539 555 Улан Эгизбаев, 0772 666 841 Жакшылык Бердибек уулу.
Саламатсыздарбы? Сиздер уюштурган мастер-класстарга журналистика болумундо окубаган студенттерда катышса болобу?
Мастер класстарга, лекцияларга катыша берсеңиздер болот. Ал эми шакирт болууга жаш журналисттер гана тартылат.