Урматтуу кесиптештер, “Жаш журналисттер” кыймылы журналисттердин кесиптик чеберчилигин арттыруу максатында уюштуруп келген мастер-класстарын улантат. Бул жолу BBC радиосунун башкы кабарчысы Ибраим Нуракун уулу эл аралык журналистиканын өзгөчөлүктөрүн айтып, Лондон тажрыйбасы менен бөлүшөт.
Мастер-класс 21-февралда саат 14:00дө “Кабар” улуттук агенттигинин пресс-залында өтөт.
Дареги: Абдрахманов көчөсү 175 (мурдагы Советский) Чүй проспекти менен кесилишет.
Каалоочулар үчүн эшик ачык.
Сурап билүү телефондору:
0550 539 555 Улан Эгизбаев,
0772 666 841 Жакшылык Бердибек уулу.