Урматтуу кесиптештер, “Жаш журналисттер” кыймылы журналисттердин кесиптик чеберчилигин арттыруу максатында уюштуруп келген мастер-класстарын улантат. Бул жолу “Азаттыктын” белгилүү иликтөө журналисти, көптөгөн чуулгандуу журналисттик иликтөөлөрдүн автору, “Акыл-Тирек” сыйлыгынын ээси Кубаныч Жолдошов иликтөө жанрынын өзгөчөлүктөрүн айтып, тажрыйба бөлүшөт.
Мастер-класс 7-февралда саат 14:00дө “Кабар” улуттук агенттигинин пресс-залында өтөт.
Дареги: Абдрахманов көчөсү 175 (мурдагы Советский) Чүй проспекти менен кесилишет.
Каалоочулар үчүн эшик ачык. Сурап билүү телефондору: 0550 539 555 Улан Эгизбаев, 0772 666 841 Жакшылык Бердибек уулу.
Каттоодон өтүү үчүн 0552 172 345 номуруна Рахат Саламатовага кайрылыңыздар.
Белгилей кетсек, бул мастер-класска Устат-Шакирт долбоорунун 2-сессиясынын шакирттери сөзсүз катышуулары керек.