“Бейөкмөт уюмдар: зыянбы же пайдалуубу? Бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү аракеттери” аталышындагы темада лекция өткөрүлдү

Бүгүн, улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин пресс-конференция залында көпчүлүк суранычтар менен учурдагы маалыматтык себептерге жана коомдо талкууланып жаткан тренддерге байланыштуу “Бейөкмөт уюмдар: зыянбы же пайдалуубу? Бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү аракеттери” аталышындагы темада лекция өткөрүлдү. Аталган теманын алкагында “Жарандык катышуу” фондусунун аткаруучу директору Эркингүл Убышева кенен маалымат берип, жалпы катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Эскерте кетсек, “Устат-шакирт” окутуу, таалим-тарбия берүү системасынын алкагында жаш журналисттердин жалпы билим деңгээлин жогорулатуу боюнча уюштурула турган лекциялардын темасын аныктоо боюнча фейсбук социалдык тармагында жеке кат аркылуу сурамжылоо жүргүзүлгөн. Анын негизинде ай сайын лекциялар өткөрүлүүдө.

,

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *