Т.Казаков: “Журналистиканын деңгээлин көтөрүү үчүн атайын кабарчыларды даярдоо керек”

Кыргызстандын журналистика тармагынын деңгээлин көтөрүү үчүн атайын кабарчыларды даярдоо керек. Бул тууралуу КРнын эл артисти Түгөлбай Казаков билдирди.

Анын айтымында, учурда жогорку окуу жайларда билим алган журналистика факультетинин студенттери жалпы теориялык билим менен гана чектелип жатат.

“Бул кесиптин ээлери ар багыттагы темаларда маалымат жазат. Албетте ар тараптуу болгонуна өтө жакшы. Бирок ошол эле учурда кайсы бир иштин майын чыгарып, коомго толук маалыматты жеткиликтүү, түшүнүктүү кылып жаза билсе ошондо журналисттин деңгээли жогорулайт. Ал эми аткаминерлер, маалымат таркаткандар өз билгендерин айтып, айрым учурда отчетторду гана берип, жалпы маалыматтар менен гана кутулат. Журналист билимдүү, тажрыйбалуу болсо маселенин түп-тамырын казып чыгып, коомго кызыктуу маалыматтарды таркатат”,-дейт Т.Казаков.

,

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *