М.Токоев:“Жакшы кабарларда көпчүлүк учурда журналисттин өзү байкалбайт”

“Журналисттер” коомдук бирикмеси жана “Жаш журналисттер”кыймылы 7-ноябрь – басма сөз күнүнө карата кыргызстандык журналисттер жана мамлекеттик мекемелердин басма сөз кызматтары арасында сынак жарыялайт. Аталган сынак жаңылыктарды жазган гана кабарчылардын мыктысын аныктоого багытталган. Бул тууралуу “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев билдирди.

“Жакшы кабарларда көпчүлүк учурда журналисттин өзү байкалбайт. Ошондуктан журналисттерге ар түрдүү сыйлыктарды тапшырганы келгенде кабарчылардын эмгектери көрүнбөй көз жаздымда калууда. Бул сынактын негизги максаты 1-кезекте эл арасында кызмат кылып, бирок эмгектери байкалбай жүргөн кабарчыларга көңүл буруу болуп саналат. Журналисттер арасында “Эң мыкты кабарчы” сынагында жеңүүчүлөр телеберүү, радио, гезит-журнал жана интернет-басылма тармагы боюнча өз-өзүнчө аныкталат. Аталган иш-аракет аркылуу журналисттерди тандоонун негизинде басма сөз кызматында кимди өрнөк катары ээрчисе боло тургандыгын көрсөтүп беребиз”,-дейт М.Токоев.

,

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *