Бишкекте жалган маалымат таратууга каршы “Антиөрдөк” акциясы өттү

Бүгүн, 3-майда Бишкектеги Журналисттер аллеясында ушак-айың, жалган маалыматтарды таратууга каршы “Антиөрдөк” аталышында акция болуп өттү. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чарага 40ка жакын журналист катышты. Анда символикалуу түрдө кагаздан өрдөктөр жасалып, андан соң өрттөлдү. Ошондой эле келгендерге бышкан өрдөк эти таратылды. Акциянын соңунда журналисттер аллеяда ишембилик жасашты.

Белгилей кетсек, бул акцияны 3-Май – Сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата “Журналисттер” коомдук бирикмеси, “Жаш журналисттер кыймылы”, «МедиаКонсалт» жана «ЖМКны колдоо борбору» коомдук фонддору биргелешип уюштурган.

Автор: Дамира Арстанова

Түп нускага шилтеме: http://www.super.kg/kabar/news/63423/

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *