Бакытбек Орунбеков

УСТАТ

orunbekov300

1964-жылы Тогуз-Торо районундагы Арал айылында туулуп, өскөн.

1981-жылы орто мектепти бүтүргөндөн кийин “Бирдик” колхозунда чарба жумуштарында эмгектенген. 1984-1987-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүндө билим алып, 1990-жылы М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

1990-1995-жылдары “Ленинчил жаш”, “Майдан”, “Жаштык жарчысы”, “Асаба”, “Эркин-Тоо”, “Кутбилим” гезиттеринде кабарчы, баяндамачы, жооптуу катчы, башкы редактордун орун басары болуп иштеген.

1995-1999-жылдары Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинде бөлүм башчы, Жалал-Абад облустук мамлекеттик админстрациясынын департамент директору, 1999-2005-жылдары “Акыйкат”, “Фергана” гезиттеринин, 2005-2006 жана 2010-2013-жылдары кыргыздын тунгуч гезити “Кыргыз Туусунун” башкы редактору болуп эмгектенген.

2006-жылдан бери Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде ага окутуучу болуп иштейт.

Саясий илимдеринин кандидаты. 4 китептин автору, ондогон илимий-публицисттикалык макалалары жарык көргөн. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы жана “Ош-3000” медалы ж.б. сыйлыктар менен сыйланган. Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү жана лауреаты. АКШ, Швеция, Түркия,  Индия, Пакистан, Кувейт мамлекетеринде кесиптик тажрыйба алмашуу долбоорлоруна катышкан.

 

ШАКИРТТЕРИ

Алимбү Токтогул кызы (сентябрь – декабрь 2014)

Бакытбек Төрөгелди уулу (январь – март 2015)

Таңчолпон Бакытбек кызы (апрель – июнь 2015)

Мээрим Мелисбек кызы (июль – сентябрь 2015)

 

ШАКИРТТЕР УСТАТЫ ТУУРАЛУУ

Агайым Бакыт Орүнбековдун жардамы менен макала жазуу мүмкүнчүлүгүмдү жогорлатып, өзүм жазгым келип жаткан көптөгөн маселелерди жаздым.

Таңчолпон Бакытбек кызы

 

Мен бир кезде Бакыт агайдын журналистикадагы “Бакыт Орунбеков” деген гана атын, анын китептерин, жазган макалаларын окуп жүргөн болсом, долбоор аркылуу агай менен жакындан таанышып, кеп-кеңешин алууга шарт түзүлдү. Агай менен алгач жолугуп, “жаңылыктар кандай жазылууга тийиш?”, – деген суроонун үстүндө иштеп, көптөгөн пайдалуу кеңештерди алдым. Ошондой эле аналитикалык макалаларды жазууда эмнеге көңүл буруш керек экендигин аныктап, агайдын жардамы аркылуу биле алдым.

Мээрим Мелисбек кызы

 

Мен Бакыт Орунбековдон эң биринчи тактыкты, адилеттүүлүктүүйрөнүп эң алгач журналистиканын өзөктөрү менен тааныштым. Агайдан үйрөнгөндөрүм менин журналистик кесипке болгон алгачкы кадамдарымда жардам болду. Ошондой эле журналистиканын негиздерин окуп үйрөнүп кесиптик дагы, турмуштук дагы сабак ала алдым.

Бакыт Төрөгелди уулу

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *